Коронавирустан каза болгон 21 медиктин үй-бүлөсүнө бир млн сомдон кун төлөнүп берилди

Айнура Акматова

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова пандемия башталгандан бери 144 медикке 200 миң сомдон, ал эми коронавирус жуктуруп каза болгон 21 медкызматкердин үй-бүлөсүнө бир млн сомдон компенсация төлөнүп берилгенин айтты

11-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус 3 163 медикке жукту. Ал эми 30-июнга карата каза болгондордун саны 73кө жеткен.

Саламаттык сактоо министрлигине эпидемия менен күрөшүүдө дарыгерлерге кошумча акы, кенемте төлөө үчүн март айынан июлга чейин 785,4 миллион сом бөлүнгөн. «Кызыл зонада» иштегендердин айлык акысына да кошумча акча төлөнөрү жөнүндө башында убада берилген. Бирок, алардын канчасы бул төлөмдү алган-албаганы тууралуу азырынча так тизме жок.

Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтээрин маалымдаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом.

Ал эми министрликке караштуу кенемте бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жетекчиси Индира Турганбаева ушул күнгө чейин миңдей дарыгер кенемте алуу үчүн арыз бергенин билдирген.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 8-сентябрда коронавирустун очогунда иштеген медицина кызматкерлеринин айлыгына жылдын аягына чейин кошумча төлөм үчүн дагы 640 миллион сом бөлүнгөнүн билдирген.