Чаткалда алтын казган компания арчаларды кыюуга уруксат алганы аныкталды

Жарандык активист Ийгилик Тургуналиев 14-сентябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кыйылып жаткан арчалардын видеосун жүктөгөн. Тургуналиевдин айтымында, баалуу дарактарды алтын казган компаниялардын бири кыйган.

Чаткалда алтын казган фирмалар арчаларды тамыры менен жулуп ыргытып, жаратылышты талкалап, экологиялык коркунучтарды жаратууда!!!

Posted by Ийгилик Тургуналиев on Monday, September 14, 2020

Тургуналиев «Клоопко» алтын өндүргөн компания арчалар кыйылган жерге калдыктарды сактоочу жай курат деген пикирди айтты. Ошондой эле ал бул аракеттерди «мыйзамсыз» деп атады.

«Калдык сактоочу жайлар сай-сайларда, тоо боорлорунда көчкү жүрүү коркунучу бар жерлерге курулуп жатат. Эртеңки күнү уу калдыктар Чаткал дарыясына түшсө анда Өзбекстан Чаткалды эле эмес Кыргызстанды аяп отурбайт, эл аралык сотко берет. Ошон үчүн бир эле чаткалдыктар эмес Кыргызстан эли ойлончу маселе бул. Эч ким цианидди дарыяга кошулбайт деп кепилдик бере албайт», — деди Тургуналиев.

Тургуналиев аталган аймакта «Чаарат ЗААВ», «Вертекс Голд Компани» жана «Эти Бакыр Терексай» алтын казуучу компаниялары ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканын кошумчалады.

*Чаткал дарыясынын суусу Өзбекстандын Чарвак суу сактагычына түшөт.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен арчалар Чаткалдагы Түлкүбаш аймагындагы алтын кенинин аймагында кыйылганын билдиришти. Аталган кенди казуу үчүн «Чаарат ЗААВ» ЖЧКсы 2032-жылга чейин лицензия алган.

«Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан токой чарбанын жоготууларынын суммасы 6 миллион 556 миң 404 сом болоору аныкталган. Мындан улам 2019-жылдын 21-ноябрында ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен компанияга өзгөчө баалуу дарактарды кыюуга уруксат берилген», — деп билдиришкен агенттиктен «Спутник» басылмасына.

Ошондой эле учурда агенттик өзгөчө баалуу типтеги дарактарды жана бадалдардын кыйылышын Мамлекеттик экотехинспекция көзөмөлдөй турганын тастыкташкан.

«Чаарат» алтын кенин жалпы аянты 700 гектарды түзүп, анын 10 гектары токой болуп эсептелет.

Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча экотехинспекциянын башчысы Эрмек Төлөбаев «Клоопко» учурда «Чаарат ЗААВ» ЖЧКсы кыйган дарактарды текшерүү үчүн уруксат алынып жатканын билдирди.

«Текшерүү бүткөндөн кийин толук маалымат беребиз. Токой жоготуу боюнча Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинен келип эсептеп, ошолор уруксат берет. Кыйылган ар бир даракка акча төлөнөт», — деп түшүндүрдү Төлөбаев.

Ошондой эле Төлөбаев буга чейин «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы кен казууда дарактарды уруксатсыз кыйган фактысы аныкталганын кошумчалады. Аталган факты боюнча экотехинспекция Чаткал РИИБге арыз менен кайрылып, окуя Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде катталганын кошумчалады.