Экс-элчи Аттокуров орусиялык журналисттер сөздөрүн бурмалаганын айтып чыкты

Кыргызстандын Орусиядагы экс-элчиси Раимкул Аттокуров «Азаттыкка» Орусиянын «Правда.ру» басылмасына курган маеги бурмаланганын айтып берди.

Аттокуровдун айтымында, орус басылмасына курган маегиндеги айткан сөздөрүнүн көбү жарык көргөн материалда чагылдырылбай калган.

«Мүмкүн алардын өз кызыкчылыгы, максаты бардыр», — деп айтып берди ал «Азаттыкка».

Аттокуров «Правда.руга» курган маегинде эмне деп айткан?

Экс-элчи жана Кыргыз диаспорасынын Москвадагы координациялык кеңешинин төрагасы Раимкул Аттокуров орус басылмасына берген интервьюсунда көптөгөн кыргыздарда республикалардын бири катары Орусиянын курамына кирүү үчүн Орус Федерациясына кайрылуу жөнүндө ойлору пайда болууда деп айткан.

Мурдагы элчинин интервьюсу анын дарегине карата сын-пикирлердин айтылышын жана кызуу резонанс жараткан. Аттокуров кийинчерээк бул маселе «жеке адамдар тараптан турмуштук деңгээлде талкууланып атканын» айткан. Экс-элчи жеке ою катары Кыргызстан эгемен мамлекет жана «көз карандысыз калуу үчүн болгон аракет жумшайт» деп билдирген.

Анын айткандарына «Кыргыз биримдиги» уюму да үн каткан. Уюмдун төрагасы Абдыганы Шакиров бир дагы кыргыз уюмунда Кыргызстандын башка өлкөгө кошулуусу тууралуу сөз болгон эмес жана болбойт дагы деп билдирген.

Ошондой эле Шакиров Орусиядагы кыргызстандык мигранттар жана атуулдар республиканын көз карандысыздыгына зыян тийгизбестен эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин бекемделишин каалайт деп кошумчалаган.

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен Аттокуровдун айткан позициясына комментарий берип, «мындай сөздөр үчүн эч кандай олуттуу негиздер жок» деп белгилешкен.