Коронавирус дагы 81 кишиден аныкталып, 107 киши сакайды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 17-сентябрдагы брифингде коронавирустун жаңы 81 учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек — 7;

Ош шаары — 4;

Чүй облусу — 8;

Ош облусу — 22;

Талас облусу — 3;

Нарын облусу — 1;

Ысык-Көл облусу — 8;

Жалал-Абад облусу — 13;

Баткен облусу — 15.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 45 153кө жетти.

Ошондой эле, акыркы суткада 107 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 52, Жалал-Абад облусунан — 12, Ош облусунан — 9, Баткен облусунан — 16, Чүй облусунан — 4, Талас облусунан — 1 жана Ыссык-Көл облусунан — 12 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 41 317 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 527 бейтап, ал эми үй шартында 1788 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 063 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада төрт медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Ош облусунан эки, Ош шаары жана Баткен облусунан бирден медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада бир медик айыкты жана тогуз медик үй шартында дарыланып сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 185ге жетти, анын ичинен 2 739 медкызматкер илдеттен айыкты.