Сузак: Сот ак кунастарды аткан кишиге 50 миң сом айып салды

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту Кара-Дарыя дарыясынын жээгинде үч ак кунасты атып өлтүргөн тургунга 50 миң сом айып салды. Ал Жоруктар кодексинин «Мыйзамсыз аңчылык» жана «Жаныбарды жок кылуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Ошондой эле ага сот тарабынан бир жылга аңчылык кылууга тыюу салынып, сот залынан бошотулду.

Ак кунас Кыргызстандын Кызыл китебинде катталган. Атылган ар бир канаттуу үчүн айып пул 30 миң сомду түзөт. Бирок соттолгон канаттуулардын Кызыл китепке киргизилгенинен кабары жоктугун айткан.

«Жээкте эс алып жатып камыштардын арасынан канаттуулар учуп чыкканын көрүп, үч жолу аттым — алар жерге кулап түштү. Иним менен сүрөткө түшүүнү чечип, соцтармактарга чыгардык», — деген ал.

Тергөө маалында ал күнөөнү мойнуна алып, үч ак кунас үчүн жалпы 90 миң сом айып төлөгөн.

Сузактын тургуну милиция тарабынан 2020-жылдын 6-августунда кармалган болчу.

Материалдын үстүндө иштеген: Милана Щербакова.