«Ата-Мекендин» талапкери Элвира Сурабалдиева Аскер прокуратурасына чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты, шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен аттанып жаткан Элвира Сурабалдиева Аскер прокуратурасына суракка чакырылды.

Сурабалдиева «Азаттыкка» аны күбө катары суракка чакырышканын билдирген. Ага өзүн «Аскер прокуратурасынын тергөөчүсүмүн» деп тааныштырган Бектур Калиев аттуу киши телефон чалган. Бирок эл өкүлү расмий чакыруу ала электигин маалымдаган.

Депутат ошондой эле, кайсы ишке күбө катары чакырылып жатканын тактаган эмес.

«Юристтер менен сүйлөшсөм мен талапкер болгондуктан 4-октябрга чейин тергөө иштерине барбай коюуга мыйзам жол берет экен», — деген ал.

Партиянын башка мүчөсү Сейтек Качкынбаев Сурабалдиеванын суракка чакырылышын партиянын үгүт иштерин үзгүлтүккө учуратуу аракети катары сыпаттады.

«Элвираны алаксытып үгүт ишинен калтыруу үчүн прокуратурага чакырышты», — деп ал фейсбук барагына жазды.

Ал ошондой эле, партиянын үгүт иштерине бир катар бут тосуулар болуп жатканын да белгилеген. Мисалы алардын Токтогулда, Тоңдо, Токмоктогу баннерлери жыртылып, алып салынып жатканын билдирген. Ошондой эле, Кара-Кулжадагы агитатору сабалганын кошумчалаган.

Сурабалдиева кайсы иш боюнча күбө катары чакырылып жатканын Башкы прокуратуратура тактаган жок. Мекеменин маалымат кызматы «Клоопко» толук маалымат болору менен кабарлайбыз ишендирди.

Шайлоого талапкер болуп катталган адам кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, шайлоонун жыйынтыгы чыкканча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) макулдугусуз сот жообуна тартылышы, кармалышы, камакка алынышы мүмкүн эмес. Мындай талап «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамда жазылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Жогорку Кеңештеги 120 орунга 16 партия ат салышууда. Парламент депутаттары беш жылда бир шайланат.