Нарын: Унаа кырсыгында коронавирус менен күрөшкөн дарыгер каза тапты

Гүлжан Мааданбекова

Нарын облусундагы Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагында «Тойота Авенсис» жана «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, анын натыйжасында үч киши каза тапты. Кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда 22-сентябрда болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жол кырсыгында 58 жана 38 жаштагы эки аял, ошондой эле 44 жаштагы эркек киши көз жумган.

Маркумдардын арасында Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун №4 үй-бүлөлүк врачтар тобунун клиникалык жетекчиси Гүлжан Мааданбекова да бар. Ал августтун аягында коронавирус инфекциясы менен күрөшкө кошкон салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» ардак наамына ээ болгон.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болдуНарын районунда 2020-жылдын 22-сентябрь күнү саат...

Posted by МЧС Кыргызстана on Tuesday, September 22, 2020

Мындан сырткары жол кырсыгында 5 адам ар кандай жаракат алган — алардын арасында үч жана бир жаштагы жаш балдар бар.

Окуя болгон жерге Нарын райондук №16 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана бир өрт өчүрүүчү унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

«Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдар Нарын облустук ооруканасына, каза болгон адамдардын сөөктөрү райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген», — деп берилет ӨКМдин билдирүүсүндө.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында «Ауди А6» унаасы «ХОВО» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп кетип, 8 адам каза тапкан. Жол кырсыгынан кайтыш болгон кишилердин арасында сегиз жаштагы жаш бала да болгон.