Алтынбек Сулайманов. Сүрөт: «Бир Бол»

«Бир Бол» саясий партиясы 2010-жылы 28-июнда каттоодон өткөн. Партия парламентке карай жолун 2013-жылы Ош облусунун Кара-Суу райондук шаардык кеңешинде жергиликтүү шайлоодо 4 мандатка ээ болуу менен баштаган. 2014-жылы 13-апрелде Токтогул шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы боюнча 3 мандат алган.

Ал эми 2015-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо партия шайлоочулардын 8,5% добушуна ээ болуп, Жогорку Кеңеште 12 орунга ээ болгон.

Курманбек Бакиев. Сүрөт: Азаттык

Партиянын лидери Алтынбек Сулайманов 2010-жылга чейин Бакиевдин бийликчил «Ак Жол» партиясынан депутат болгон.

Бийлик алмашкандан кийин Сулайманов «Республика» партиясына өтүп, ошол эле учурда «Бир Бол» партиясын түптөгөн. Сулаймановду жана анын партиясын кулатылган президент Курманбек Бакиев менен байланышы бар деп бир нече жолу айыпташкан.

Мындан тышкары, Сулайманов киши колдуу болгон Айеркен Саймаити менен тааныш болгон. Ал — уйгур тектүү бизнесмен жана «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин иликтөөчү журналисттеринин Кыргызстан аркылуу 700 млн доллар чыгаруу тууралуу иликтөөнүн башкы маалыматчысы. Саймаитинин билдирүүсүндө, ага операцияларды ишке ашырууда бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов да жардам берген.

Партиянын программасы

Партиянын алдыга койгон максаттары:

  • 2025-жылга карата Дүйнөлүк банктын «Doing Business» рейтингинде алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кошулуу.
  • Мамлекеттик аппаратка сарпталган чыгымдарды 70%га кыскартуу жана медицина кызматкерлеринин, окутуучулардын жана мугалимдердин айлык акысын эки эсе жогорулатуу.
  • Тынчтыкты сүйүү индекси боюнча дүйнөдөгү эң коопсуз 50 өлкөнүн катарына кошулуу, инновациялардын дүйнөлүк глобалдык рейтингинде рейтингди 20 позицияга көтөрүү.

Вот несерьёзно воспринимают нашу программную цель «туалетная революция», а ведь от неё зависит туризм, здоровье детей....

Posted by Gulnura Toralieva on Tuesday, September 15, 2020

Эффективдүү мамбашкаруу — бийликти жана тандоо укугун аймактарга кайтарып берүү:

  • Облустарды жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн кызматын жоюу.
  • Региондордун бюджеттеги үлүшүн 12%дан 50%га чейин жогорулатуу. Муну менен күчтүү региондор салыктарды өз алдынча чогултуп, өздөрү башкара алышат.
  • Айыл чарба министрлигин инновацияларды киргизе алган жана сугат жерлерин көбөйтө алган органга реформалоо.
  • Жарандарга партияны гана эмес, партиянын тизмесиндеги талапкерди да тандоого мүмкүнчүлүк берүү.
  • Мэрлерди шайлоо процедурасын өзгөртүү — шаар башчысын шаардык кеңештин депутаттары эмес, жарандар шайлашы керек.
  • Мамкызматтардын 70%ын онлайнга өткөрүү, маморгандардын чыгымдарынын ачык-айкындыгын камсыздоо үчүн «Ачык өкмөт» платформасын колдоо.
  • Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКдан бөлүп, мүчөлөрүн парламенттин оппозициялык блогу шайлаган коррупцияга каршы кеңеш түзүү.

Билим берүү жана маданият — билим берүүнүн сапатын жана Кыргызстандагы окутуучулардын макамын мыкты эл аралык стандарттардын деңгээлине чейин жогорулатуунун үстүндө иш алып баруу.

  • Каржылоонун ваучердик системасы — ар бир мектеп окуучусу билим берүүнүн ваучерине ээ болот, ал аны өзү тандаган мектепте, ЖОЖдо окууга корото алат.
  • Биринчи класстан тарта англис тили жана программалоо.
  • Өлкөдөгү бардык мектептерди интернет, канализация жана жылуу суу менен камсыз кылуу.
  • Медкызматкерлер, мугалимдер жана окутуучулардын эмгек маяналарын 2 эсеге көбөйтүү.

Сапаттуу жана жеткиликтүү саламаттык сактоо система:

  • Дары-дармектерди, медициналык буюмдарды каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү санарип платформасы, ал спекулянттык бааларды орнотуудан арылууга жардам берет.
  • Таза конкурстук негизде ооруканалардын үчтөн бирин жеке жактарга берүү.
  • Дарыгерлердин соцпакеттерин жана маяналарын 2 эсе көбөйтүү.

Экология жана жашыл экономика:

  • Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий киргизүү.
  • Калктуу пункттардагы бак-дарактарды коргоо тууралуу мыйзам долбоору.
  • Пластиктерден арылуу — желим баштыктарды сатууга тыюу салуу жана пластик тапшырууга түрткү берүү механизмдери.

Еще одна группа волонтеров убиралась в округе Бишкека!!Респект и благодарность!!#сделаем2020 #Жасайбыз2020 #WCD2020 ...

Posted by Aijan Chynybaeva on Sunday, September 20, 2020

Партияга байланышкан чыр-чатактар

Бул жолку шайлоонун алдында жаңыланган «Бир Болдун» курамы Кыргызстандын тактан кулатылган экс-президенти Курманбек Бакиевдин үй бүлөсү менен байланышы бар деген жаңжалдын себепчиси болду.

Сымбат Маратбек, Cүрөт: Маратбектин фейсбугу

Социалдык тармактын колдонуучуларынын көңүлүн партиянын жаңы тизмеси менен катар штабда иштеген Сымбат Маратбек бурду — Курманбек Бакиевдин иниси Марат Бакиевдин кызы.

Ал учурда партия Сымбат Маратбек партиянын талапкери эмес экендигин, коомдук жумуштарга жардамдашып жүргөнүн расмий билдиришкен.

Саясий бирикмеден партиялаштардын ичинен Сымбат Марат Бакиевдин кызы экенин эч билбегенин айтышкан. Бул маалымат ачыкка чыккандан кийин «Бир Болдогулар» окуяны талкуулап, Сымбат Маратбек менен кызматташууну улантууну чечишкен.

Марат Бакиев. Расмий сүрөт

Сымбат Маратбектин атасы Марат Бакиев — өлкөнү 2005-2010-жылдары башкарган Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси. Анын башкаруусунун тушунда Марат Бакиев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болгон.

Кийин соцтармактын колдонуучулары депутаттыкка талапкер Айжан Чыныбаева жөнүндө сөз кыла башташты. Чыныбаеванын күйөөсү Арсланбек Кененбаев Максим Бакиевдин аялы Айжан Кененбаеванын бир тууганы болушу мүмкүн деп божомолдонууда. Ошондой эле, Айжан Чыныбаева Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаеванын жээни деп дагы айтылып жүрөт.

Чыныбаева болсо бул маалыматтарды «саясий компроматтардын оюну» деп атады. Депутаттыкка талапкердин айтымында, анын Отунбаевдерге, Бакиевдерге туугандык жайы тууралуу он жылдан бери айтылып келе жатат. «Бул жазыла берип, тамтыгы чыккан эски окуя», — деди ал.

Партиянын Бакиевдер менен байланышы тууралуу буга чейин эле айтылып келген. «Бир Болдун» лидери Алтынбек Сулайманов 2010-жылга чейин бакиевчилердин «Ак Жол» партиясынан депутат болгон. Бийлик алмашканда «Республика» тарапка өтө качкан. Кийин «Бир Болду» түптөгөн.

Сулайманов мурдагы бийликтин алдында жетекчилик кызматтарда отурган адамдарды партияга бириктирди. «Азаттык» басылмасы жазгандай, 2015-жылдагы шайлоо алдындагы үгүт маалында интернетте «Бакиевдин 11 досу» деген жазуу менен «Бир Болдун» баннерлерине мемдер пайда боло баштаган.

Ошондо Сулайманов партияда мурдагы бийлик учурунда жогорку мамлекеттик кызматтарда эмгектенген адамдар чогулганын моюндаган. Ошол эле учурда ал алардын баары «жакшы иштеп, мамлекеттин өнүгүшүнө өз салымын кошконун» белгилеген.

*Курманбек Бакиев бийликке 2005-жылдын 24-мартындагы окуялардан кийин келген. Ал окуяларда Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев кулатылган болчу. Ал эми 2010-жылдын 7-апрелиндеги кагылышта Бакиев өзү да үй-бүлөсү менен Беларуска качкан. Бул окуяларда 80ден ашуун жаран курман болгон.

Айэркен Саймаити. Сүрөт: Клооп

Партиянын лидери Алтынбек Сулайманов жана анын партиялашы Дүйшөн Төрөкуловдун киши колдуу болгон Айэркен Саймаити менен байланышы бар болгон. Саймаити өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн доллар боюнча журналисттик иликтөөнүн негизги маалыматчысы. Анын өлүмүнөн кийин соцтармактарда бизнесмендин Төрөкулов менен түшкөн сүрөтү пайда болгон, ал эми Сулайманов маркум менен тааныш болгонун мойнуна алган. Экөө тең бул иш боюнча УКМКда сурак берип чыгышкан.

Айэркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы кафелердин биринде атып өлтүрүлгөн. Бул иш боюнча төрт адам кармалып, курал менен шектүүлөр изин сууткан машина табылган.

Кийинчерээк, 21-ноябрда парламентте Саймаитинин өлүмүнүн жагдайын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссияга ар башка фракциялардан он эл өкүлү, анын ичинде Алтынбек Сулайманов кирген. Кийинчерээк Сулаймановдун Саймаити менен байланышы бар экени айтыла баштаганда ал «шек жаратпаш үчүн» комиссиянын курамынан чыгып кеткен.

Кыргызстанда Саймаитини таасирлүү Матраимовдордун кланы менен байланыштырышат. «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттери биргелешип Саймаити Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарып кеткенин мойнуна алган журналисттик иликтөө чыгарышкан.

Акчалардын көбү декларациядан өтпөй жана туура эмес жол жоболоштурулган миллиондогон долларлык товарларларды Кытайдан Кыргызстанга, андан ары коңшу өлкөлөрдүн базарларына ташыган 55 жаштагы кытайык ишкер Хабибулла Абдукадырга жөнөтүлүп турган.

Саймаити Абдукадырга бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жардам берип турганын билдирген — ал аркылуу мамкызматкерлердин тобун сатып алуу ишке ашкан.

Партиянын мүчөлөрү

Пандемия маалындагы үгүт иштеринде баары тең беткапсыз жүрүшөт. Ак калпакчан киши — Алтынбек Сулайманов. Сүрөт: «Бир Бол»

Партиянын лидери Алтынбек Сулайманов — парламенттин учурдагы депутаты. Ал 2010-жылга чейин бакиевчил жана бийликчил делген «Ак Жол» партиясынан депутат болгон. Бийлик алмашкандан кийин «Республика» партиясына өтүп, кайрадан мандат алган.

Алтынбек Сулайманов 2019-жылдын аягына дейре өнөр жай компаниясына ээлик кылган, бирок ишканаларын өзүнүн салык декларацияларында көрсөткөн эмес. Кийинчерээк ал бизнести белгилүү спортчу Мыктыбек Мамасалиевге өткөрүп берген.

ЖМКда Сулаймановдун уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы тууралуу байма-бай айтылып, ал тургай кылмыш дүйнөсүнө «Челюсть» каймана аты менен белгилүү экендиги жарыяланган. Андагы маалыматтарга таянсак, Сулайманов башында турган топ күйүүчү майларды мыйзамсыз ташуу жана опузалоо менен алектенет.

Алмамбет Шыкмаматов. Сүрөт: «Бир Бол»

Алмамбет Шыкмаматов — парламент депутаты, Алмазбек Атамбаев бийликте турганда оппозициячыл маанайда болгон «Ата Мекен» партиясынын мурдагы мүчөсү.

2017-жылы Атамбаев менен Конституцияга оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү боюнча пикир келишпестигинен кийин партия лидери Өмүрбек Текебаев камакка алынып, Шыкмаматов парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп калган. 2019-жылдын декабрында Текебаев экөөнүн ортосунда чыр чыгып, Шыкмаматов партиядан кеткенин жарыялап, депутаттык мандатын тапшырып, кийинки шайлоого «Бир Бол» менен бара турганы белгилүү болгон.

Ал интервьюда «Ата Мекенде» 15 жыл мүчө болгонун, андыктан мындай чечимди кабыл алууда «кыйын» болгонун айткан.

«“Ата Мекен” партиясына 15 жылдан бери мүчө болдум. Бул партиянын мүчөлөрү эң берилген, эң кайраттуу адамдар деп билем. Текебаев өтө күчтүү саясатчы, мыйзам чыгаруу жаатында алдына киши салдырбайт. Күчтүү политтехнолог, саясий комбинациялардын “атасы”, саясий харизмасы бар лидер жана тарыхый инсан. Бирок турмуш экен, экөөбүздүн ортобузду “кара мышык" аралап өттү. Себептерин азыр айтпай эле турайын. Балким, кийинчерээк эл билээр. Көз караштар ар кандай. Аны кийин айтам. Негизгиси, мен партиядан чыгайын деп чечтим. Себеби, мен үчүн бала кезден баштап 50 жашка чыкканга чейин ар дайым жеке ар-намысым мандаттан да, кызматтан да жогору», — деп айткан Алмамбет Шыкмаматов.

Партиянын 17-августта өткөн съездинде Шыкмаматов «Бир Бол» партиясы учурдагы бийликке оппозиция болорун билдирген.

2017-жылы Алмамбет Шыкмаматовго карата кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Эсеп палатасында аудитор болуп турганда тендердик билдирмеге жубайынын унаасын киргизип, аны тендердин жеңүүчүсү «Барат люкс» компаниясына 13,5 миң долларга саткан. Эксперттердин маалыматы боюнча, бул унаанын чыныгы наркы 10 миң долларга жакын акчаны түзгөн.

Биринчи май райондук соту 2017-жылы Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, 5 млн сом айыпка жыккан. Бирок Бишкек шаардык соту бул чечимди жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. 2018-жылы УКМК Шыкмаматовго карата ишти токтоткон.

Нурбек Мурашев. Сүрөт: ЖК

Нурбек Мурашев 2014-жылы, «Республика» партиясынан депутат болуп турганда Улуттук госпиталдын врачы Жамал Тургунбаевге кол көтөргөн.

2015-жылы «Өнүгүү — Прогресс» партиясынын өкүлү, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты Кабулжан Кимсанбаевди Ноокен районунун Сакалды айылына партиянын штабын текшерүү үчүн барганда ур-токмокко алган.

«Мурашев Кимсанбаевди “Тойота Ленд Крузер” (096 KG мамлекеттик номерлүү) кызматтык унаасына отургузуп, белгисиз тарапка алып кеткен. Аны айыл четине алып чыгып, денесине оор жаракат келтирип, ошол жерге таштап кеткендиги белгилүү болгон», — деп милициядан билдиришкен.

Мурашев кылмыш жоопкерчилигине тартылган, бирок жабыркаган адам арызын чакыртып алгандыктан бул иш токтотулган эле.

2017-жылдын 15-октябрында президенттик шайлоодо Нурбек Мурашев шайлоочуну бетке чаап жиберген. Ошондо милиция кылмыш ишин козгобой, аткаминер эч кимди чаппаганын, анын колу шайлоочунун бетине кокусунан тийип кеткенин билдирген.

Мурашев айыл чарба министри болуп турганда дайыма президенттин, премьер-министрдин жана депутаттардын сынына кабылып турган. Мурашев өзү билдиргендей, ал эч кимге капа эмес жана өзүн жакшы жана эффективдүү иштеген деп эсептейт, аны жөн гана баалашкан жок.

Дуйшон Торокулов. Сүрөт: «Бир Бол»

Дүйшөн Төрөкулов — парламентте «Бир Бол» фракциясынан депутат, 2017-жылы Чолпон Жакупова мандатын тапшыргандан кийин анын ордуна келген. Түркияда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айэркен Саймаити менен тааныш болгон.

Айжан Чыныбаева. Cүрөт: «Бир Бол»

Айжан Чыныбаева — «Достук Холдинг» ЖАКтын башкы директору, ресторатор, БААУнун камкордук кеңешинин мүчөсү. Роза Отунбаеванын тууганы. Анын жолдошу Арсланбек Кененбаев «Энактустун» директорлор кеңешинин төрагасы, Максим Бакиевдин жубайы Айжан Кененбаеванын бир тууганы болушу мүмкүн.

Мирбек Асангариев. Cүрөт: «Бир Бол»

Мирбек Асангариев — жеке ишкер, Кыргызстандын социалдык ишкер ассоциациясынын жана «За жизнь без барьеров» партиясынын негиздөөчүсү, кийинчерээк партияны «Демократ» партиясы деп өзгөрткөн, Ботаникалык бакчанын гүлдөшүнүн үстүнөн иш алып барган «Инициатива Арча» коомдук фондусунун байкоочу кеңешинин мүчөсү.

2012-жылы Бишкек шаардык кеңешине «Тоскоолдуктарсыз жашоо» партиясынан талапкерлигин коюп, бирок партия утулуп калган. 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында «Республика — Ата Журт» партиясына биригип, анда деле парламентке бара алышкан эмес.

Гүлнура Төралиева. Cүрөт: «Бир Бол»

Гүлнура Төралиева — «Дата Лаб» компаниясынын жетекчиси, медиаэксперт, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси, өкмөттүн басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси (2015-2017-жж.), коммуникация жана коомчулук менен байланыш боюнча консультант. Мурда шайлоолорго катышкан эмес. ОБСЕ Академиясынын мурдагы директорунун милдетин аткаруучу, БААУда журналистика боюнча сабак берген.

Эсен Момункулов. Cүрөт: «Бир Бол»

Эсен Момункулов — Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин мурдагы директору. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болгон. 2017-жылы Өмүрбек Текебаев камакка алынгандан кийин аны коргоп чыккан.

Бул партиянын депутаттыкка талапкерлеринин толук тизмеси менен бул шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.