Саймаитинин өлүмү боюнча депкомиссиянын отурумуна Матраимовду чакыруу сунушталды

Бизнесмен Айэркен Саймаитини өлтүрүү тууралуу ишке байланыштуу парламенттик комиссиянын жыйынында бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун көрсөтмөлөрүн угуу сунушталды.

Айэркен Саймаити

Айэркен Саймаити — акчанын изин жашыруу боюнча өзүн кесипкөй деп атаган ишкер. Ал берген документтер «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөөсүнө негиз болгон.

Райымбек Матраимов бул иликтөөнүнүн фигуранттарынын бири болгон — Саймаитинин айтымында, ал бажыдагы коррупцияны калкалап, ага ылайык көмүскө карго империясы жүз миллиондогон доллар кирешеге ээ болгон.

Саймаити өткөн жылдын 10-ноябрында Стамбул шаарында атып өлтүрүлгөн.

Мирлан Жээнчороев

Парламенттик комиссиянын отурумуна Матраимовду чакыруу сунушун депутат Мирлан Жээнчороев берген. Мындан тышкары, саясатчыда депутат Дүйшөн Төрөкуловго жана Алтынбек Сулаймановго да суроолору бар. Экөө тең Саймаити менен байланыштуу болушу мүмкүн — анын өлүмүнөн кийин соцтармактарда бизнесмен менен Төрөкуловдун чогу түшкөн сүрөтү пайда болгон, ал эми Сулайманов Саймаити менен тааныш болгонун мойнуна алган.

Ошол эле маалда бизнесмендин өлүмү боюнча ишке байланыштуу комиссия түзүүнү Сулайманов өзү сунуштап, бирок Райымбек Матраимовдун депутат агасы Искендер Матраимов сыяктуу эле анын курамынан кетүүгө аргасыз болгон.

Саймаитинин өлүмү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму бүгүн, 31-январда парламентте өтүп жатат. Отурумга чакырылган «Азаттык» радиосунун директору Айзада Касмалиева Саймаити иликтөөчү журналисттер менен өзү байланышканын айтты.

Мындан тышкары, Касмалиева Саймаити — бажыдагы коррупция тууралуу айтып бергиси келген көптөгөн адамдардын бирөөсү гана эболгонун айтты.

Матраимов комиссиянын отурумуна качан чакырылаары жана ал келеби же жокпу белгисиз. Бүгүн өтүп жаткан отурумга Касмалиевадан тышкары укук коргоо органдардын өкүлдөрү да чакырылган — алардын арасында УКМКнын өкүлдөрү да бар.

Журналисттерге каршы сот

Искендер жана Райым Матраимовдор

Райымбек Матраимов жана анын туугандары бажыдагы коррупция тиешелери бар болгонун четке кагышууда.

Матраимовдордун үй-бүлөсү жана алардын фонду өткөн жылдын декабрынан тартса «Азаттык», «Клооп», андан тышкары, журналист Али Токтакунов жана 24.kg басылмасы менен соттошо баштаган.

Бул аптада медиа басылмалардын адвокаттары бул сот процессинин бейтараптыгына күмөндөр бар деп билдиришкен, ал эми «Чек арасыз репортёрлор» эл аралык уюму Матраимовдордун доосун «сандырак» деп атап, Свердлов райсотун аны четке кагууга чакырган.

Тексттин үстүнөн иштегендер: Айдай Иргебаева, Бектур Искендер