Башкы прокуратура Кадыр Атамбаевдин иликтөөсү боюнча жооп кайтарды

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, «Социал-демократтар» партиясынын талапкери Кадыр Атамбаевдин 28-сентябрда жарыялаган иликтөөсү боюнча комментарий берди.

Кадыр Атамбаев: ВОТ ВАМ ФАКТЫ, ГОСПОДИН ПРЕЗИДЕНТ

ВОТ ВАМ ФАКТЫ, ГОСПОДИН ПРЕЗИДЕНТКадыр Атамбаев: "Как говорил Авраам Линкольн, можно всё время дурачить некоторых, можно некоторое время дурачить всех, но нельзя все время дурачить всех. Вы одурачили Алмазбека Атамбаева, но дурачить весь народ у вас не получится. Вы все время просите факты - вот вам факты!"Как далеко запустили свои щупальца кланы Жээнбековых и Матраимовых в структуры власти? Смотрите видео.

Posted by Телеканал «Апрель» on Monday, September 28, 2020

Кадыр Атамбаев «Апрель» телеканалында жарыялаган макаласында экс-премьер-министр Сапар Исаковго байланыштуу Тарых музейиндеги коррупция боюнча ишине токтолгон. Атамбаевдин айтымында, бул ишти өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жээни, прокурор Арстанбек Боромбаев көзөмөлдөп келген. Иликтөөдө Боромбаев ишти тергеген УКМКга жазуу түрүндө тапшырма бергенин жана ал аткарылбаса маалымат президент жетектеген Коопсуздук кеңешине жөнөтүлө турганы айтылган.

Сапар Исаков бул аракеттер тергөөчүнүн процессуалдык өз алдынчалыгына жана көз карандысыздыгына шек келтиргенин айткан.

Башкы прокуратура иш козголгон учурда күчүндө болгон Жазык-процесстик кодексине шилтеме берип, прокуратура кызматкери «тергөөчүгө жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө укуктуу экенин» жана ал көрсөтмөлөрдү аткаруу милдеттүү болгонун билдирди.

«Эгер тергөөчү прокурордун көрсөтмөсүнө макул болбосо, анын үстүндөгү прокурорго өз жүйөсүн кат түрүндө билдирүүгө укуктуу. Бирок бул аракет прокурордун берген көрсөтмөсүн аткарбай коюусуна жол бербейт. Белгилей кетчү нерсе, УКМК тарабынан Башкы прокуратуранын көрсөтмөсүнө каршылык болгон эмес», — деп берилет Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Ошондой эле көзөмөл органдын билдирүүсүндө Арстанбек Боромбаев прокуратурада 1995-жылдан бери иштеп келе жатканы айтылып, жетекчилик кызматтарда да иштегени маалымдалган. Ошондой эле Боромбаев 2019-жылдын декабрь айында Башкы прокуратуранын бөлүм башчылык кызматынан өз арызынын негизинде бошотулганын жана «жакшы кызматы» үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болгону тууралуу кабарлашты.

Бирок прокуратура Боромбаев президенттин туураганы экенин төгүндөгөн жок.

Кадыр Атамбаев өзүнүн иликтөөсүндө бир гана Арстанбек Боромбаев тууралуу сөз кылган эмес. «Социал-демократтардын» талапкери Сооронбай Жээнбековдун «Айыл Банкты» жетектеген агасынын уулу жана бажыда иштеген жээндери тууралуу да айткан. Атамбаевдин айтымында, бажы кызматында Жээнбековдордун туугандары карьера жасап, Матраимовдор менен биргеликте логистикалык жолдорду жана бажыны көзөмөлдөп келет.