Жээнчороев: Коалицияны биз түзө турган болсок премьерликке Өмүрбек Бабановду көрсөтөбүз

Өмүрбек Бабанов

«Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев КТРКдагы теледебатта эгер шайлоодо утуп, коалиция куроо укугу аларга берилсе премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду көрсөтө турганын билдирди.

Бүгүнкү теледебатка «Мекен Ынтымагы», «Ыйман Нуру», «Бир Бол» жана «Республика» партияларынын лидери менен «Кыргызстан» партиясынан Асел Атабекова катышууда.

«Эгер биз коалицияны түзө турган болсок, «Республика» фракциясы өзүнө жоопкерчиликти алып, премьер-министликке биз Өмүрбек Бабановду көрсөтөбүз», — деди ал.

Жээнчороев ошондой эле, акыркы сурамжылоо Бабанов эң эффективдүү өкмөт башчы болгонун көрсөтүп турганын белгиледи.

«Республика» партиясы 2007-жылы түптөлгөн. 2010-жылы 5-июнда саясий бирикменин кезексиз жыйынында лидерликке бизнесмен Өмүрбек Бабанов шайланган. Ошол эле жылы күзүндө «Республика» парламентке өтүп, 23 мандат алган.

Бабанов эки жолу өлкөнүн биринчи-вице-премьер-министри болуп дайындалып, ал эми 2011-жылдын декабрынан тарта сегиз ай премьер-министр болгон.

2017-жылы «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин койгон. Бабанов мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев шайлоо кампаниясы учурунда колдоосун көрсөткөн бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон.

Бирок, президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен. Мындан кийин Бабанов саясаттан кетерин билдирип, Кыргызстандан чыгып кеткен. Кийин ал ар кандай басылмаларга берген бир нече интервьюсунда, аны өлкөдөн чыгып кетүүгө Атамбаев менен Жээнбеков үй-бүлөсүн коркутуу менен мажбурлаганын айтып берген.

Шайлоо алдындагы жарыш учурунда Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Саясатчынын айтымында, эгер ал Кыргызстандан кетсе ал иштер токтотулушу керек болгон. Бирок кылмыш иштер эмдигиче тергелүүдө.

Бабанов 2017-жылдан тарта Москвада жашап, өлкөгө эки жылдан кийин гана кайтып келген. Ал убадасына туруп, азырынча саясатка кайтып келе элек. Бирок Бабанов парламенттик шайлоого чейин бир апта калганда Asia Mall соода борборунан алдында «Атак-даңк аллеясынын» ачылышында пайда болду. Эртеси күнү «Республиканын» фейсбуктагы расмий барагында Бабановдун партиянын «Өмүрбек Токтогулович, кош келдиңиз» деп жазылган баннеринин фонунда Руслан Казакбаев менен түшкөн сүрөтү жарык көрдү.