Башкы прокуратура үгүт учурунда кандай мыйзам бузуулар катталганын тизмектеди

Башкы прокуратура 1-октябрда шайлоо алдындагы мыйзам бузуулар боюнча маалымат таратты. Алардын ичинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, добуш сатып алуу, документтерди жасалмалоо жана бирөөнүн менчигине залал келтирүү учурлары бар.

«Мекеним Кыргызстан» жана админресурс

Бузуу фактыларынын бири Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы ДЭУнун жетекчиси жана райондук администрациянын аппарат жетекчиси тарабынан болгон. Анда алар «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерине көмөк көрсөтүү максатында жумушчу унааларынан пайдаланып, түндө добуш сатып алуу менен алектенгендери айтылат.

Мындан улам Аксы райондук прокуратурасы аталган фактыны 30-сентябрда «админресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен каттап, иликтөө үчүн РИИБге жолдогон.

Шайлоочу өзү кабардар болбой толтурулган Форма №2

Ал эми 26-сентябрда Чүй облусунун тургуну өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүү үчүн №7229 шайлоо участогуна кайрылып, бирок анын шайлоо орду форма №2 толтуруу жолу менен Ысык-Көл облусуна которулганын аныктаган.

Ал мындай аракеттер анын уруксаты жок болгонун айтып, прокуратурага чара көрүүнү суранып кайрылган. Сокулук РИИБи аталган фактыны «документтерди жасалмалоо» беренеси менен каттап, териштирүү иштерин баштаган.

Күтүлбөгөн бурулуш: «Биримдиктин» үгүтчүсүнө карата «зомбулук»

Прокуратурага Ош шаарынын тургуну да кайрылган — ага белгисиз эки киши кайрылып, эгерде «Биримдик» партиясына үгүттөөнү уланта берсе күч колдонорун айтып коркутушкан. Бул факты боюнча Ош ШИИБи 28-сентябрда «майда бейбаштык» беренеси менен иш козгогон.

«Кыргызстан» жана «Биримдиктин» уурдалган баннерлери

«Кыргызстан» партиясынын штаб жетекчиси алардын Ноокен районунун Сакалды айылындагы 12 даана баннерин белгисиз кишилер уурдап кеткенин айтып арызданган. Аталган факты Ноокен РИИБине 27-сентябрда «бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү» беренеси менен катталып, териштирүү башталган.

Ал эми бир күндөн кийин 28-сентябрдын түнүндө Чүй облусунун Төмөнкү-Чүй айылында «Биримдик» партиясынын баннери уурдалганы аныкталып, Сокулук РИИБи териштирүүнү баштаган.

Прокуратура буга чейин да шайлоо алдындагы 22 бузуу фактысын аныктап, анын 21ин ички иштер органдарына тапшырган. Аларды шайлоо документтерин жасалмалоо, кыянаттык менен административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу материалдар түзгөн.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт, ага 16 партия ат салышууда. Ал эми үгүт иштери 3-октябрда аяктайт.