«Кырк уруу, жети дубан ынтымагынын» мүчөлөрү «региондор аралык кастыкты козутууга» шектелип кармалышты

Иллюстративдик сүрөт

30-сентябрда Бишкек шаарында «Кырк уруу, жети дубан ынтымагы» кыймылынын 26 мүчөсү кармалды. Мындан эки күн мурда алардын катышуусунда «бийликти күч менен басып алууга чакырган» видео интернетке тараган болчу.

«Соттук-саясий экспертизанын корутундусуна ылайык, интернет булактарына таралган видео тасмада сүйлөгөн белгисиз жарандын сөзүндө региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктардын белгиси бар экендиги аныкталган», — деп жазылат ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, кармалган шектүүлөргө карата наркологиялык изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 20 тургун баңги каражатын колдонгондугу аныкталган.

Мындан сырткары сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Кырк уруу, жети дубан ынтымагы» кыймылынын беш лидери убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын ичинен төртөө мурда зордуктоо жана баңгизаттарды сактоо боюнча соттолгондугу аныкталган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу» беренеси менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин өткөн жылдын майында аталган кыймылдын лидери Замирбек Дүйшөнов Сокулук районунун тергөөчүсүнө пара берүүгө шектелип кармалган. ИИМдин маалыматы боюнча, Дүйшөнов буга чейин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен шектелип кармалган Амангелди Артыковдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, милицияга 1000 АКШ доллар пара сунуш кылган. Артыков да «Кырк уруу, жети дубан ынтымагы» кыймылынын мүчөсү. Дүйшөнов Сокулук райондук милициясында 10 миң сом пара берип жатканда кармалган.