Өзгөндө «Республика» партиясынын өкүлү бычакталып каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Өзгөн районунда «Республика» партиясынын өкүлү Замир Ормон уулу киши колдуу болду. Ош ОИИБинен Ормон уулунун өлүмүнө шайлоонун тиешеси жок деп ишендиришти.

Партиянын тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык, аны бычактап кетишкен. Ошондой эле, саясий бирикме бул окуяны укук коргоо органдары «үй-бүлөлүк чыр-чатак» деп тийиштүү деңгээлде иликтебей коюшу ыктымал деп чочулап жатышат.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Клоопко» билдиргендей, окуя 29-сентябрда кечки 10:00 чамасында болгон.

Эки киши пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, алардын бири учтуу нерсе менен сайып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жеткирилгенден кийин көп узабай каза болгон.

«Бул окуянын шайлоого эч кандай байланышы жок. Каза болгон бала өзүнүн унаасы менен “Республика” партиясынын үгүт-иштериндеги музыкалык аппараттарды ташып камсыздап жүргөн. Ал эми шектүү өзү эч бир партиянын өкүлү да тарапташы да эмес экенин айтты», — деди Аширбаев.

Милиция «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Шектүү киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Социалдык тармактарда жаңжал эки партиянын өкүлүнүн ортосунда чыккан деп жазышууда. Бирок «Республика» партиясынын расмий билдирүүсүндө маркум кайсы бир партиянын үгүттөөчүсү менен чатакташа кеткени тууралуу сөз болгон эмес.

Ал ортодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын штабы 30-сентябрда болгон окуяга алардын тарапташтарынын тиешеси жок деп ишендирди.

«Адам өлтүрүү болгон күндө дагы, биздин партиянын өкүлдөрүнүн же үгүтчүлөрүнүн буга тиешеси жок. Чындап эле ошондой болсо биз шайлоодон четтетилмекпиз», — деп партиянын штабынан билдиришти.

«Мекеним Кыргызстандан» ыдык көргөн «Республика»

«Республика» партиясы өз кайрылуусунда Матраимовдордун кланына таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тарапташтары алардын өкүлдөрүнө басым жасап, айрымдарын сабап жатканын айтып, аларды тизмектеген.

Мисалы Чүй облусунун Панфилов району боюнча «Республика» штабынын башчысы Д.Б. Болотовго «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү ачык кысым көрсөткөнү маалыматта жазылат.

Андан сырткары Нарын районунун Алыш айылында «Республика» партиясынын дагы бир агитатору сабалган. Жабыркагандын айтымында, аны «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү сабап, анын кесепетинен ооруканага түшкөн. Бул факты боюнча КЖБРге Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» боюнча сотко чейинки өндүрүш катталды.

«Биримдиктин» билеги

«Республика» партиясы өз кайрылуусунда Нарындын Эмгек-Талаа айылындагы тарапкери Денисак Болот уулуна «Биримдик» партиясы менен укук коргоо органдары тарабынан кысым болуп жатканы жазылат.

Буга чейин Болот уулу «Биримдик» партиясынын өкүлдөрү айылга суу чыгарып берүү үчүн 700 миң сом берерин, бирок анын 300 миңин берип калганын шайлоо күнү айылдан 300 добуш чыкса берерин убадалашканын айтып чыккан.

Ошондой эле, «Республика» алардын аймактардагы мүчөлөрүнө, тарапташтарына күч колдонулуп, партиянын беделин түшүрүү үчүн масштабдуу чагымчыл аракеттер болуп жатканын белгилешкен.

Андан сырткары Башкы прокуратурадан, БШКдан бул окуяларга байланыштуу керектүү чараларды көрүүнү талап кылышкан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Жогорку Кеңештеги 120 орун үчүн 16 партия ат салышууда. Парламент депутаттары беш жылга шайланат.