«Таза суунун ордуна 300 добуш». Нарында «Биримдиктин» талапкери добуш сатып алууга айыпталды

Социалдык тармактарда 29-сентябрда Денисак Болот уулунун видео кайрылуусу тарады. Анда Болот уулу өзүн Миң-Кут айыл өкмөтүнүн төрагасы деп тааныштырган. Ошондой эле ал аталган айылга «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасовдун тарапташтары келип таза суу чыгаруу үчүн 300 миң сом беришкенин билдирген.

«22-сентябрда Улан Бакасовдун балдары келип, 700 миң сомго таза суу чыгаруу үчүн макулдашып, анан 300 миң сом ташташты. 300 добуш чыгарсаңар, 700 миң сом силердики болуп калат, эгер чыкпаса анда чыкпай калган добуш үчүн 2000 сомдон кайра алабыз дешти. Айылга суу чыкканы жакшы болот эле, бирок Бакасов соопчулук үчүн деле суу чыгарып, добуш сатып албай эле койсо болмок. Ушул туурабы?» — деп суроо салган Болот уулу.

Мындан сырткары, ал макулдашууга Бакасов өзү келбегенин белгилеп, жол тандабастар менен анын тарапташтары келгенин кошумчалаган. Ошондой эле, Болот уулу «Бакасовдун соопчулук иштерин колдойбуз, бирок ушунусу туура болбой калды. Президентибиз баш болуп таза шайлоо деп жатса [...]» деген.

https://www.instagram.com/tv/CFt_OGjALYR/?igshid=1i6ofnh56s0yd

Ошол эле күнү «Биримдик» саясий партиясынан талапкери Улан Бакасов да видео аркылуу кайрылуу жасап, Денисак Болот уулунун тараткан маалыматын «жалган жалаа» деп атады. Ошондой эле, ал бул боюнча укук коргоо органдарына кайрыла турганын билдирди.

«Мен буга чейин такыр видео кайрылуу жасаган эмес элем, бул жолу кайрылууга туура келди. Анткени менин үстүмөн каралоо жана жалган маалымат таратуулар болуп жатат. Нарын районунун Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы “700 миң сом берди, 300 миң сом бергенине күбө болдум” деп жалган маалымат таратып жатат. Андай сүйлөшүүлөр болгон эмес, менин балдарым да акча берген эмес», — деп комментарий берген Бакасов.

«Азаттык» басылмасына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова аталган видеонун негизинде добуш сатып алуу аракети боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова Бакасовго байланыштуу маалымат боюнча укук коргоо органдарына тапшырма берилгенин билдирди. Алар беш күндүн ичинде карап, берген сунуштамасынын негизинде талапкердин иши ведомстводо караларын белгиледи.

Улан Бакасов буга чейин да добуш сатып алууга айыпталган

30-августта социалдык тармактарда Нарын районуна караштуу Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мусуркановдун жергиликтүү тургундардан парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасовду колдоп берүүнү суранган видеосу тараган. Мусуркановдун айтымында, Бакасов колдоого алына турган болсо, ал 500 миң сом берүүнү убада кылган. Аталган каражатка комбайн алынат деп ишендирген.

Мусурканов тургундарды эки күндүн ичинде жооп берүүгө чакырган. Ошондой эле 300 кишиден кем эмес добуш алыш керек деп белгилеген. Андан кийин тасмага бирөө жарым тартып жатканын байкап калып, өчүрүүнү суранган. Бирок видео укук коргоо органдарына жиберилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен катталып, күбөлөр суракка алынган. Учурда бул ишти прокуратура тергеп жатат.

Көп өтпөй Бакасов Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мусуркановду анын «ар-намысына жана кадыр баркына шек келтиргени үчүн» Нарын шаардык сотуна кайрылган. Ал Мусуркановдон тараткан маалыматын төгүндөөнү талап кылган. Ал эми Мусурканов өзү «Азаттык» басылмасына бул боюнча тергөө амалдары аяктагандан соң комментарий берерин убадалаган.

Улан Бакасов — «Биримдик» партиясынын тизмесинде №6 орунда. Ал пандемия учурунда Нарын облустук ооруканасына 30 кычкылтек концентраторун жана тогуз реанимобиль өткөрүп берип, элге гумжардам бергени менен таанылган.

«Биримдик» партиясы «бийликчил» деп айтылып келет. Учурда партиянын талапкерлеринин тизмесинде президенттин иниси, депутат Асылбек Жээнбеков, вице-спикер Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бар. Ошондой эле аталган партия менен шайлоого бир нече депутаттар, ишкерлер жана мамлекеттик кызматкерлер баратат.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ал эми үгүт иштери 3-октябрда аяктайт.

Тема боюнча:

«500 миң сом алып келем». Нарында айыл өкмөт башчы «Биримдикти» колдоого чакырды

Милиция «Биримдиктин» талапкери тарабынан сатып алуу болду делген ишти карай элек, БШК нааразы

Нарын: Милиция айыл өкмөт башчынын «Биримдикке» «добуш сатып алуу» аракетин иликтеп баштады