«Кашаң аттар шайлоого баратат». Бабанов кыргызстандыктарга кайрылды

«Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов шайлоонун багыты кайда баратканын байкап, унчукпай коё албаганын белгилеп, кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасады.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин ага басым болуп жатканын айтып, саясаттан кетерин билдирген болчу.

Ал жаңы кайрылуусунда айрым тараптар учурда добуштарды сатып алуу боюнча болгон аракетти жасап жатканын белгилеген.

«Шайлоонун кайсы багытта баратканын көрүп, кайрылууну чечтим. Унчукпай тура албадым. Жүрөгүмдү бир суроо өйкөп турат. 2 миң сомго жашоо оңолобу? Добушуңду 2 миң сомго сатып алган депутат сени ойлойбу? Сени коргойбу?» — деп суроо салат ал.

Бабанов ошондой эле, Кыргызстан эгемен мамлекет болгонуна 29 жылдын жүзү болгонун, бирок бул жыл аралыгында көзгө көрүнө турган, оозго алынарлык бир иш жасалбаганын белгилеген. Ал мындай жыйынтык шайлоодо билимсиздер менен акчалуулар гана шайланып келгенинен улам болуп жатканына токтолгон.

«Бүгүн шайлоо базарга айланды, “Ким канча берет экен”? деген суроо толуп кетти. Чындыкты 2 миң сомго, акчага сатып алса болобу? Жакшы жашоо абийир менен гана келет», — деди Бабанов.

Ал ошондой эле, боло турчу шайлоого «кашаң аттар» башка аттарга жамынып алып бара жатканын белгиледи.

«Негиз атың кашаң болсо аны союп, же башка кылып андан арыласың. Андыктан саясатка кашаң эмес, күлүк аттар келиш керек. Алар элдин канаты болушу керек», — деди ал.

«Республика» партиясынын азыркы лидери Мирлан Жээнчороев КТКРда 30-сентябрда өткөн дебат учурунда эгер алардын партия шайлоодо утуп, коалиция түзүү укугу аларга берилсе, Өмүрбек Бабановду премьерликке көрсөтө турганын билдирди.

Бабанов жана «Республика»

«Республика» партиясы 2007-жылы түптөлгөн. 2010-жылы 5-июнда саясий бирикменин кезексиз жыйынында лидерликке бизнесмен Өмүрбек Бабанов шайланган. Ошол эле жылы күзүндө «Республика» парламентке өтүп, 23 мандат алган.

Бабанов эки жолу өлкөнүн биринчи-вице-премьер-министри болуп дайындалып, ал эми 2011-жылдын декабрынан тарта сегиз ай премьер-министр болгон.

2017-жылы «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин койгон. Бабанов мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев шайлоо кампаниясы учурунда колдоосун көрсөткөн бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон.

Бирок, президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен. Мындан кийин Бабанов саясаттан кетерин билдирип, Кыргызстандан чыгып кеткен. Кийин ал ар кандай басылмаларга берген бир нече интервьюсунда, аны өлкөдөн чыгып кетүүгө Атамбаев менен Жээнбеков үй-бүлөсүн коркутуу менен мажбурлаганын айтып берген.

Шайлоо алдындагы жарыш учурунда Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Саясатчынын айтымында, эгер ал Кыргызстандан кетсе ал иштер токтотулушу керек болгон. Бирок кылмыш иштер эмдигиче тергелүүдө.

Бабанов 2017-жылдан тарта Москвада жашап, өлкөгө эки жылдан кийин гана кайтып келген. Ал убадасына туруп, азырынча саясатка кайтып келе элек. Бирок Бабанов парламенттик шайлоого чейин бир апта калганда Asia Mall соода борборунан алдында «Атак-даңк аллеясынын» ачылышында пайда болду. Эртеси күнү «Республиканын» фейсбуктагы расмий барагында Бабановдун партиянын «Өмүрбек Токтогулович, кош келдиңиз» деп жазылган баннеринин фонунда Руслан Казакбаев менен түшкөн сүрөтү жарык көрдү.