Бир кадр менен: Матраимовдордун кичи мекениндеги бир участоктун жыйынтыгы

«Сейчас.KG» телеграм-каналы Ош облусунун Кара-Суу районундагы участоктордун бириндеги добуш берүүнүн отчётун жарыялады.

Сүрөт: «Сейчас.KG» телеграм-каналы

«Мекеним Кыргызстан» партиясы үчүн 1600 киши добуш берген. Бул партияны тасирдүү делген Матраимовдордун кланы менен байланыштырышат. Аталган партия менен 6-чакырылыштын депутаты Искендер Матраимов кайрадан шайлоого аттанууда. Бир тууган Матраимовдор дал ушул Кара-Суу районунан болот. Учурда райондун акими Тилек Матраимов. Ал Искендер жана Райымбек Матраимовдордун иниси.

Өлкөдө шайлоо кандай өткөндүгү тууралуу кеңири тексттик трансляциябыздан окуңуз.