Бишкектеги конуштардын биринде белгиси бар беткаптар таратылды

Видеодон алынган скриншот

Бишкекте шайлоо учурунда бир катар мыйзам бузуулар катталып жатканын ырастаган видеолор социалдык тармактарга тарап жатат. Анда колуна тизмени көтөрүп, келгендерди тактап жаткандарды көрүүгө болот. Дал ушундай окуялардын бири Ак-Ордо жаңы конушундагы №1057 шайлоо участкасынын алдында болгон.

Тизмеден текшерүү

Видеодо телефон менен сүйлөшүп, ары-бери басып жүргөн аялдын добуш берүүгө келгендерди тизмеден тактап, ага кол койдуруп алып жатканын көрүүгө болот.

Ошондой эле, ал шайлоочуларга атайын белги коюлган бепкаптарды таратып жатканы видеого так тартылган. Ошол эле маалда ал беткаптарды өзүнүн беткабын тагынып келгендерге дагы берген. Келген кишилер өзүнүн беткабын алып, жаңы алган беткаптарды тагынышууда.

Аял эмнеге кол койдуруп жатканы боюнча берилген суроого «эмне, болбойбу, сенин кандай ишиң бар?» деп жооп кайтарган. Андан сырткары «башымды оорутпай ары бар» деп суроо берген журналисти каккан.

Ал эми баракка кол коюп берген киши аялды тааныбай турганын жана шайлоого келгенин ырастоо үчүн ага кол коюп бергенин айткан.

Бюллетенди айрыган шайлоочу

Бишкектеги №7256 шайлоо участогунда шайлоочу бюллетенди сүрөткө тартып жаткан учур катталды. Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү андан эмнеге сүрөткө тартканын сурап, эрежени түшүндүрүп баштаганда ал бюллютенди айрып, имараттан чыгып кеткенге аракеттенген.

Шайлоо участкасынын кызматкери «эшикти жапкыла» деп кыйкырып, анын алдын тоскон.

Киши «Эмнеге мындай кылдың?» деген суроого «өзүм үчүн тартып алдым» деп жооп берген.

Участкалык шайлоо комиссиясынын өкүлү эми бул боюнча акт түзүлөрүн, себеби, алар ар бир бюллетень үчүн жооп берерин түшүндүрдү.

«Азыр акт түзүп, БШКга беребиз. Прокуратурадан маселени чечип аласың», — деп түшүндүрдү.

Паспортторду текшерүү

Бишкектеги №60 мектептин жанында добуш берүүгө келгендердин пасптторун сүрөткө тартып алып жаткан киши журналисттерди көргөндө ал жерден кетип калганга аракет кылды.

Ал журналисттердин «Эмнеге сиз башка адамдардын паспортун сүрөткө тартып жатасыз» деген суроого «текшерип жатам» деп жооп кайтарды. Бирок анын кайда иштей турганын сураганда «Келгиле, комментарийсиз» деп айтып ары баскан.

Күбөлүгү жок УШК кызматкерлери

Бишкектеги №1223 шайлоо участкасында кишилердин топтолуп жатканын кабарчыбыз Сандра Кумаралиева жеринен билдирди.

«Сентябрь» телеканалынын журналисттери аталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү күбөлүктөрүн көрсөтө албай жатканын айтышууда.

Кабарчыбыз ал жердеги шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнөн эмне үчүн алардын күбөлүгү жана бейджиктери жок экенин сураганда, эртең менен белгисиз кишилер келип чыр чыгарып, алардын бейджиктерин «жулуп салганын» айтышты.