Ошто «Клооптун» операторуна белгисиз кишилер кол салышты

Ош шаарындагы №5316 шайлоо участогунда «Клооптун» оператору Хамидулло Узаковго белгисиз кишилер кол салып, түз эфир жасап жаткан жеринен телефонун тартып алышты.

Бул окуяга күбө болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлери оператор сабалып жатканда эч кандай реакция кылышкан эмес.

Posted by Kloop кыргызча on Sunday, October 4, 2020

«Телефонду алып, мени уруп салышты. Спорттук дене түзүлүштөгү кишилер, мен аларды билбеймин. Биринчи телефонду тартып алды… телефонду кайтарышты», — деди Узаков.

Шайлоо участкасынын алдындагы окуяны түз эфирде чагылдырууга жардам берген кабарчыбыз Айбике Адилет кызы бейтааныш кишилер милициянын көзүнчө аларга кол салганын белгиледи. Тилекке каршы алар окуянын дароо алдын алган эмес.

«Биз укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө экинчи ирет кайрылганбызда гана алар чара көрүп баштады», — деди ал.

Учурда окуя болгон жерге милициянын ыкчам тобу чакырылды. «Клооптун» оператору жана журналистти Ош ШИИБиге келип арыз жазышууда. 

Ал арада Ош ШИИБинин басма сөз катчысын Замир Сыдыковдун айтымында, жарандардын бири «эмнеге менден уруксатсыз менин маңдайыма келип видеого тартып жатасың» деп нааразычылыгын билдирип, алып койгон. Ошондой эле аталган жаран милицияга алынып келингенин билдирди.

Бирок, журналисттердин коомдук жайда сүрөт жана видеого тартып, маалымат чогултууга укугу бар. Мындан тышкары кимдир-бирөөнүн мүлкүн күч менен тартып алуу да мыйзамсыз.