Видео: Ошто мугалим шайлоочуларды тизмеге алып, «Биримдикти» колдой турганын айтты

Ош шаарынын Он-Адыр кичи районундагы №5557 шайлоо участогунда №49 орто мектебинин мугалими шайлоочуларды тизмеден таап, каттап жатат. Алгач мугалим өзүн үгүттөөчү катары тааныштырган, андан кийин мугалим экенин моюндады.

«Сиз билгендей, агитаторлорго белгиленген участоктор берилет. [...] 18 жашка толуп, шайлоого катыша тургандарды тизмеге жазгыла деп [тапшырма] берет», — деген мугалим.

Ал эми журналисттер мугалимге кимдер тарабынан «тапшырма» бергенин сураганда, ал так жооп бере алган жок. «Клооптун» журналисти видеодогу аялга мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкерлер үгүт иштерине аралашканына тыюу салынганын айткан. Кийинчерээк видеодогу мугалим «Биримдик» партиясын колдой турганын ачыктаган.