«Бандиттик-кландык партиялардын келишине макул эмеспиз». Көпчүлүк партиялар шайлоону тааныган жок

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. Шайлоого 1 980 240 киши, башкача айтканда жалпы шайлоочулардын 56,2% катышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына ылайык, бул жылы Жогорку Кеңешке төрт саясий партия өттү — «Биримдик» (24,94%), «Мекеним Кыргызстан» (24,29%), «Кыргызстан» (8,89%) жана «Бүтүн Кыргызстан» (7,20%).

Ал эми парламентке өтпөй калган дээрлик бардык партиялар шайлоо учурунда добуш сатып алуу фактылары болгонун жана административдик ресурс колдонулганын айтышып, шайлоонун жыйынтыгын тануудан баш тартышты.

«Ата Мекен» жана «Республиканын» билдирүүсү

Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыга баштаганда эле оппозициялык «Ата Мекен» жана «Республика» партиялары 7 пайыздык босогодон өтпөй калганы белгилүү болуп калган. Аталган партиялар шайлоочулардын «Республика» — 5,81%, ал эми «Ата Мекен» — 4,02% добушун алды.

«Ата Мекендин» лидери Жанар Акаев добуштар массалык түрдө сатылганын белгилеп, буга карабастан «бийлик көз жумуп, факты сурап» жатканын айтып нааразы болду.

Ата Мекен жана Республиканын билдирүүсү. Жанар Акаев, Момбеков, Жээнчороев, Эльвира Сурабалдиева

Posted by Жакшылык Бердибек Уулу on Sunday, October 4, 2020

«Демек булардын таза шайлоо өткөрүүгө ниети жок болгон [...] Парламенттик шайлоонун канчалык ыплас өткөнүн, мыйзамсыздык өкүм сүргөнүн өзүңүздөр көрдүңүздөр. Ошондуктан биз, оппозициялык партиялар, эртең, Бишкек шаарындагы Опера жана балет театрынын алдында саат экиде Борбордук шайлоо комиссиясынын, дегеле бийликтерге өз талабыбыз менен чыгабыз», — деди Жанар Акаев.

«Республиканын» лидери Мирлан Жээнороев Акаевдин айтканын колдоп, 5-октябрда бирге митингге чыгууга чакырды.

«Мындай кир, абдан ыплас болгон шайлоолорго биз макул эмеспиз. Урматтуу кыргызстандыктар, биз бандиттик-кландык партиялар Жогорку Кеңешке келишине жана ошол жакта өздөрүнүн тартиптерин орнотконго каршылыгыбызды көрсөтүшүбүз керек. Бүгүн Кыргызстанда ыплас шайлоо өттү, абдан көп уурдалган акча каржаттары, арам акчалар сарпталып, эл арасына бүлүк салганын эртең Боршайкомдун астында биз далилдеп беришибиз керек», — деди Жеенчороев.

«Бул шайлоо легитимсиз» — «Бир Бол»

«Бир Бол» партиясынын талапкери Алманбет Шыкмаматов буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков шайлоону «таза өткөрүүгө кепилдик бергенин» эскертип, иш жүзүндө андай болгон жок деген пикирин билдирди. Аталган партия шайлоодо 3,03%га ээ болду.

"Бир Бол" партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт жана эл аралык техникалык аудит жүргүзүүнү талап кылат.

Posted by Бир Бол on Sunday, October 4, 2020

«Президенттин “Биримдик” партиясы эң көп добушту уурдаган, сатып алган, административдик ресурсту колдонгон партия болуп чыкты. Экинчиси анын өнөктөшү Матраимовдун [“Мекеним Кыргызстан”] партиясы. Үчүнчүсү “Кыргызстан” партиясы өткөн чакырылышта эң чимкирик, эң кошоматчы партия үчүнчү орунга келди. [...] “билгениңерди кылып алгыла, колуңардан эмне келет, биз баарын чечебиз, эл эч нерсени чечпейт, эл — мал” деген мамилени бүгүнкү күндө бийлик жасады», — деди Шыкмаматов.

Шыкмаматов бийлик бул шайлоо эмес «добуштарды сатып алуу жана бийликти менчиктирештип, узурпация кылуу» экенин кошумчалады.

«Бир Болдун» лидери Алтынбек Сулайманов шайлоого 900 миң кишинин — 500 миңи №2 форма менен катталган жана 400 миңи мамлекеттик кызматкер — таасири чоң болгонун айтты. Сулайманов алардын жардамы менен «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары 100дөн ашуун мандатка ээ болгонун билдирди.

«Биз “Ак жолду” көргөнбүз — убагында ал 70 мандат алган. Андан кийин КСДП 38 мандат алган. Экөөнүкүн кошкондо да бүгүнкү бийликтин партиялары андан ашып кетти. [...] Биз дагы артка кеттик — эл утулду, биз утулдук, баарыбыз утулдук. Муну менен кайсыл жерге барышын бүдөмүк болуп калды. Меним оюмча мунун аягы жакшы менен бүтпөйт», — деди Сулайманов.

«Бандиттик өлкөгө айланып калыптырбыз» — «Реформа»

«Реформанын» талапкери Эсен Рыспеков өзүнүн фейсбук баракчасында партия бул шайлоону тааныбаганын билдирди.

«Бийликчил жана олигархтык-бандиттик партиялардын жасаган массалык добуш сатып алуулары, коркутуп-үркүтүүлөр менен, элдин алсыздыгын колдонуу менен, административдик ресурсту жана жарым миллионго жакын шайлоочунун форма №2 аркылуу жасалган добуш алуулары бул шайлоону эң ыплас кылды», — деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

Ал эми «Реформанын» лидери Клара Сооронкулова «Азаттыкка» мындан ары да күрөшүүгө даяр экендигин билдирди.

«Биз чынында эле бандиттик өлкөгө айланып калган экенбиз. Коркуп эле жашап калыптырбыз да. Ошондуктан биз бул шайлоонун жыйынтыгын легитимдүү деп эсептей албайбыз. Биз мындан ары дагы күрөшөбүз, кандай болбосун. Кыргызстандын келечеги үчүн, акыйкаттык үчүн, бийликтин тазалануусу үчүн биз күрөш жүргүзөбүз. Биз токтобойбуз», — деди Клара Сооронкулова.

Мындан сырктары, «Мекен Ынтымагы», «Ордо», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Социал демократтар» партиялары да шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушууда.

Ал эми шайлоодо эң көп добуш алган «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» партиялары жыйынтыкты тааный турганын билдиришти.

«Биримдик» партиясы — бийликчил деп саналат, бул партиянын талапкерлеринин арасында президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков бар.

Ал эми «Мекеним Кыргызстан» өлкөдө таасирлүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык. Анткени партиянын талапкерлеринин арасында Искенедер Матраимов, аталган үй-бүлөнүн жактоочусу Канатбек Азиз жана «Исмаил Матраимов» фондунун өкүлү, журналист Элнура Алканова бар.