Коронавирус дагы 207 кишиден аныкталып, 103 киши сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 5-октябрда коронавирустун жаңы 207 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Баткен облусу — 75;

Ош облусу — 34;

Жалал-Абад облусу — 46;

Чүй облусу — 8;

Ысык-Көл облусу — 9;

Бишкек — 26;

Ош шаары — 4.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 47 635ке жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 18 134 . Ал эми Чүй облусунда — 5 625, Ош облусунда — 4 793, Жалал-Абадда — 4 882, Ысык-Көлдө — 4051, Ош шаарында — 3 583, Баткенде — 3 314, Нарын облусунда — 1 761 жана Талас облусунда — 1 492 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 103 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 36, Жалал-Абад облусунан — 8, Бишкек шаарынан— 6, Ош шаарынан — 23, Баткен облусунан — 13, Чүй облусунан — 7, Талас облусунан — 2, Нарын облусунан — 3 жана Ыссык-Көл облусунан — 2 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 43 521 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 1123 бейтап, ал эми үй шартында 1470 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 066 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада тогуз медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан — бир, Жалал-Абад облусунан — эки, Баткен облусунан — алты медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада үч медик айыкты жана жети медик үй шартында дарыланып сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 327ге жетти, анын ичинен 3 059 медкызматкер илдеттен айыкты.