Бишкектеги нааразычылык акция учурунда Ак үйдө өрт чыкты

Бишкектеги шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык билдирүү акциясы маалында Ак үйдө өрт чыкты. Болжолдуу имараттын жогорку кабаты өрттөнгөн. Бир нече сааттан кийин тилсиз жоо өчүрүлдү.

Депутат Дастан Бекешев митингчилерге кайрылып, «Райым сыяктуу болбой» талап-тоноочулукка барбоого чакырды. Райымбек Матраимов — мурдагы бажы кызматкери, ал бир нече журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 5-октябрда саат 11:00 чамасында шайлоодон өтпөй калган оппозициялык партиялардын мөөнөтсүз тынчтык митингги башталган. Алар шайлоону легитимсиз деп атап, көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун белгилешет — добуш сатып алуу, админресурс колдонуу, шайлоочуларга басым кылуу.

Митингдин катышуучулары шайлоону тааныбай турушканын билдирип, шайлоону кайрадан өткөрүүнү талап кылышкан — «Ата Мекен», «Бир Бол», «Чоң Казат», «Мекен Ынтымагы», «Социал демократтар», «Ордо», «Республика», «Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа».

Митингчилер бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, маселени чечүү боюнча кечки саат 8ге чейин жооп берүү талабын коюшкан. Бирок ИИМ демонстранттарды тарап кетүүгө чакырган. Кийинчерээк күч түзүмдүн кызматкерлери аларды күч менен аянттан кубалап тараткан.

Бул маалда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чогулгандарды артка чегиндирүү үчүн көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу гранатаны, желим окторду колдонушкан.

Бирок ага карабастан митингдин катышуучулары кайра аянтка чогулуп, Ак үйдү басып алышкан. Алар президенттин иш бөлсөсүнө чейин кирип барышты. Соцтармакта тараган сүрөт-видеолордон документтер чачылып, айрым буюмдар талкаланганын көрүүгө болот.

Кагылышуулардын натыйжасында 100дөн ашуун киши жаракат алганы кабарланды. Алардын арасында депутаттар, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, медиктер бар.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, депутат Жанар Акаев убактылуу өкмөт дайындала турганын билдирди.