Координациялык кеңеш түзүлдү. Жээнбеков менен сүйлөшүүнү Мадумаров жүргүзөт

Кыргызстанда Координациялык кеңеш түзүлүп, анын курамына парламенттик шайлоого катышкан 8 партия — «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш», «Социал-демократтар партиясы», «Бир бол», «Ордо», «Республика», «Реформа» кирди. Бул тууралуу Адахан Мадумаров маалымат жыйында билдирди. Ал ошондой эле, Координациялык кеңештин курамына кирем дегендерге эшик ачык экенин белгиледи.

Анын айтымында, түзүлгөн жаңы кеңештин негизги максаты Кыргызстанды укук талаасына киргизүү жана учурда түзүлгөн кырдаалдан тез аранын ичинде чыгаруу.

«Конституциялык талаага келип, көчө демократиясын токтотуу керек», — деди ал.

Мадумаров ошондой эле, учурда өлкөдөгү бирден бир легитимдүү орган Жогорку Кеңеш экенин айтып, 6-чакырылыштын депутаттарынын кезексиз жыйынын өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Себеби, өлкө мыйзамдуу талаада иш алып баруусу үчүн Жогорку Кеңеш азыркы өкмөттүн отставкасын кабыл алып, эл ишенимине кирген жаңы өкмөттүн курамын бекитиши керек. Андан сырткары парламент жаңы төраганы шайлашы керектигин кошумчалады.

«Ошол эл ишенген өкмөт бардык жоопкерчиликти моюнга алыш керек. Ошондо гана мыйзамдуу жолго түшкөн болобуз», — деди ал.

Парламенттин кезексиз жыйыны тууралуу

Маалымат жыйынына чогулган координациялык кеңештин мүчөлөрү «Учурдагы парламент депутаттары кезексиз жыйынга чогула алабы, кворум болобу?» деген суроого бир ооздон «чогулат» деп жооп кайтарышты.

6-чакырылыштын депутаты, Жанар Акаев 7-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болорун, анда жаңы төрага шайланып, эл ишенген өкмөттүн жаны курамы дайындалат деп ишендирди.

«Азыр биз кворум болушу үчүн бардык депутаттарды чакырып, күнү-түнү иштеп жатабыз. Кворум болот деген ишеним бар, сүйлөшүү болуп жатат», — деди Акаев.

Мадумаров өз кезегинде кайсы бир саясий күчтөрдүн бийликтин айрым бутактарын басып алып жатканы боюнча «Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек» деп жооп берди.

«Учурда Кыргызстанга дүйнө эли көз салып турат. Андыктан кандай гана болбосун баскынчылык менен кызматтарды ээлеп алуу туура эмес. Бардык саясий күчтөрдү укук талаасына кирип, 2010-жылдагы окуяны кайталабоого чакырабыз», — деди ал.

Буга чейин «Бир Бол» партиясы менен парламенттик шайлоого аттанган Алмамбет Шыкмаматовду Башкы прокурордун милдетин аткарып жатат деген билдирүү тараган болчу.

Жыйындан кийин ал журналисттердин суроолоруна жооп берип, ал эч кандай башкы прокурор болбогонун айтты.

«Мен тактап коёюн, мени эч ким башкы прокурор кылып дайындаган жок. Баш прокурор болгон жокмун. Мен болгону Башкы прокуратурага барып, башкы прокурордун үч орун басары менен жолугуп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча башкы прокурорго протест келтиргиле, туруктуулукту сактоо үчүн мыйзамдарды катуу кармагыла, кол коюу укугу орун басарларда болсун деп моралдык гана колдоо көрсөтүп келдим», — деди ал.

Шыкмаматов андан сырткары Матраимовдорго иш козгоп, чек араларды жапкыла деген сунушун айтканын кошумчалады.

Ал ортодо Боршайком 4-октябрда өткөн парлменттик шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жараксыз деп тааныды.

Жээнбеков менен сүйлөшүүнү Мадумаров жүргүзөт

Координациялык кеңеш учурдагы президент Сооронбай Жээнеков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзү үчүн Мадумаровдун талапкерлигин колдошкон. Эми ал Координациялык кеңештин атынан бардык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мадумаров президент менен азырынча байланышпаганын жана анын кайда экенин билбей турганын айтты.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуу таратып, саясий күчтөрдү мыйзам талаасына кирүүгө чакырган. Ошондой эле анын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева президент Бишкекте экенин билдирген болчу.