«Шаар тургундарынын тынч жашоосуна бүлүк салышты». Жээнбеков элге кайрылды

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор «Ак үйдү» басып алгандан кийин элге биринчи жолу кайрылуу жасады.

Ал өз сөзүндө кечээ түнү айрым саясий күчтөр мамлекеттик бийликти мыйзамсыз тартып алуу аракет кылганын билдирди.

«Шайлоону шылтоо кылып коомдук тартипти одоно бузушту. Шаар тургундарынын тынч жашоосуна бүлүк салышты. Тартип сакчыларына баш ийбей, медиктерди сабап, имараттарды талкалашты. Кан төгүлбөсүн, бир да жарандын өмүрүнө коркунуч келбесин деп, күч органдарына ок чыгарбагыла деп буйрук бердим», — деди Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бардык күчтөрдү укуктук талаага кайтууга чакырам

Posted by Ulan Satiev on Monday, October 5, 2020

Андан сырткары ал кырдалды курчутпоо үчүн мүмкүн болгон чаралар көрүлгөнүн айтты.

Президент ошондой эле, мамлекеттин тынчтыгы, коомдун стабилдүүлүгү ар кандай депутаттык мандаттан бийик экенин баса белгиледи.

Ал өз сөзүндө Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузууларды терең изилдеп, зарыл болсо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаганын кошумчалады.

Буга чейин Башкы прокурордун милдитен аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганын билдирген болчу.

«Саясий партиялардын лидерлерине өз тарапкерлерин тынчытып, чогулган жерлерден чыгарып кетүүсүн сунуштайм. Бардык мекендештеримден тынчтыкты сактап, чагымчыл күчтөргө алданбай мыйзамсыз кадамдарга барбоону суранам», — деп президент кайрылды .

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында укук коргоо органдары менен шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан бир нече миң демонстранттардын ортосунда 5-октябрда кагылышуу болду. Анын натыйжасында 6-октябрь күнү таңкы саат үчтөр чамасында митингчилер «Ак үй» менен УКМКнын имаратына кирип барышты. Андан сырткары Бишкек мэриясынын дагы имараты митингчилер тарабынан алынган.

Баш аламандык учурунда жаракат алган 590 киши ооруканага ар кандай жаракат менен кайрылып, бир киши каза болду. Учурда 13 киши реанимацияда жатат.