«Ташиев чыккынчы». «Ата Мекендин» талапкерлеринин кырдаал боюнча пикири

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 7-октябрда кайрадан митинг өтүп жатат. Ага оппозициялык партиялардын мүчөлөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Митингде сөз сүйлөгөн «Ата Мекен» партиясынын талапкери Тилек Токтогазиев «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев «бийликти кайра Матраимовдор менен Жээнбековдорго берейин деп жатат» деп айыптады. Анын айтымында, ал аталган кландар менен алдын ала сүйлөшүү жүргүзгөн.

«Биз оппозициялык партиялар Бишкекте келишимди түзүп жатканда бир гана партия колун койбой качып кетти. Ал "Мекенчил" партиясы, ал Ташиев. Ташиев аягына чейин турбай качып кетти. Бул Матраимовдор, Жээнбековдор менен сүйлөшүп алып, чимкирик парламенттеги көпчүлүктү алып келип алып, бийликти кайра Матраимовдор менен Жээнбековдорго берейин деп жатат. Бул [Ташиев] чыккынчы. Ошондуктан Ташиев дагы кетсин», — деп билдирди Токтогазиев.

Ал ошондой эле 5-октярбда митингге чыккандардын талабы «президентке импичмент, Матраимовдор менен Жээнбековдорду камоо» болгон деп эске салды.

«Романтиктер революция жасайт, каракчылар пайдаланат деген сөз бар. Биз каракчыларга революцияны пайдаланганга жол бербейбиз», — деди ал.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын лидери, депутат Жанар Акаев «Достук» мейманкасында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын жана спикердин шайланышын менен премьер-министрдин жактырылышын легитимсиз деп сыпаттады.

Акаев «эл митингге силерди бийлик бөлүштүрүп, кызмат талашсын деп чыккан эмес» деди. Ошондой эле төрага менен өкмөт башчынын талапкерлигин «Биримдик» партиясы менен «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болуп жаткан депутаттар көрсөтүшкөнүн айтты.

«Кожоюндар алмашкан жок, криминал менен өкмөткө отурбай жатып ымалашып жетиштиңер. Жогорку Кеңештин көпчүлүгүн Биз чогултабыз, өкмөттүн курамын таза жаштар толуктасын! Мамлекетте башаламандык болуп жатса булар кызмат соодалашып жүрүшөт!», — деп жазды Акаев фейсбуктагы баракчасында.

«Ата Мекен» партиясы менен парламенттик шайлоого аттанган Элвира Сурабалдиева социалдык тармак аркылуу 6-октябрда тарапташтарына кайрылды. Ал учурда «эскилер» кабинеттерге бекинип алып, кызматтарды соодалашып жатканын белгиледи. Андан сырткары алгачкы түзүлгөн Координациялык кеңештин курамында жалаң эскилер кирип алганын эске салды. Ошондой эле, мамлекеттик мекемелерди басып алгандарды эл алдына чыгып ошол чечими тууралуу тайманбай айтууга чакырды.

«Силерди ким шайлады? Өзүңөрдү-өзүңөр эле шайлап отуруп алат экенсиңер. Элден деле бата алган жоксуңар. Эгер духуңар жетсе элдин алдына барып “Мен башкы прокурор болом” дебейт белеңер», — деди ал.

Сурабалдиева ошондой эле, премьер-министр кылып Садыр Жапаровду дайындоого каршы экенин айтып, кандай болгон күндө дагы бардыгы мыйзамдуу жол менен болушу керектигин билдирди.

Андан сырткары ал бир дагы мамлекеттик кызматка барайын деген ою жок экенин ачык айтып, мындай кызматтарга билимдүү, кыйын жаштарды чакыра турганын белгиледи.

Депутат шайлоого катышкан көпчүлүк партиянын башкы талабы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу болгонуна токтолуп, ал орундалганын кошумчалады.

«Эми жаңы шайлоо болот, ошого даярданып акчасыз, №2 формасыз, админресурсту колдонбой чыныгы атаандаштык менен катышуу керек», — деди ал.

Сурабалдиева 5-6-октябрда болгон окуялардан кийин Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болбой калганын түшүнүшү керектигин эскертти.

«Сооронбай Шарипович, эгер сиз дагы деле түшүнбөй жатсаңыз, сиз мындан ары президент эмессиз, ушуну эсиңизге салып койгум келет... Креследон түшпөйм деп жармашып отуруп, өлкөнү экиге бөлүү аракети сиз үчүн деле жакшылыкка алып келбейт… Аянтта болгон окуялар бизге башка президент керектигин көрсөттү», — деди ал.

Эл өкүлү Кыргызстандын качып кеткен президенттери жетиштүү экенин, Жээнбеков абалды туура кабыл алып, түшүнүп мамлекет башчылыктан кетиши керектигин баса белгиледи.