Төрт партия өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин сунуштады

«Акыркы үмүт» саясий бирикемеси. Видеодон скриншот

Парламенттик шайлоого катышкан төрт партия — «Республика», «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Реформа» премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду бирдиктүү талапкер катары көрсөтүштү.

Бул тууралуу аталган партиянын лидерлери 9-октябрда журналисттерге маалымат жыйынында билдиришти. Ошондой эле алар «Акыркы үмүт» аттуу саясий бирикеме түзүшүп, меморандумга кол коюшту. Ага Клара Сооронкулова, Жанар Акаев, Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов кол койгон.

Андан сырткары төрт партиянын лидерлери биринчи вице-премьерликке Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин көрсөтө турганын маалымдашты.

«Акыркы үмүт» жаңы саясий бирикмеси Садыр Жапаровду «коштоп жүргөн кылмыштуу топтордун аракети коомду дитабилдештирүүгө жана мамлекеттүүлүктү жоготууга алып келиши мүмкүн» экенин белгилешти.

Төрт партия биригип "Акыркы үмүт" деген меморандумга кол койду

Бишкекте төрт партия биригип "Акыркы үмүт" деген меморандумга кол койду. Алар "Республика", "Ата Мекен", "Бир Бол", "Реформа".

Posted by Kloop кыргызча on Thursday, October 8, 2020

«2020-жылдын 5-октябрында болгон окуялар Кыргызстандын жаңы тарыхында жаңы баатырдык баракчаны ачты. Жогорку Кеңешке болгон акыйкатсыз шайлоодон кийин эл ага наарызчылыгын билдиришти. Бирок айрым саясий күчтөр УКТ жана кылмыштуу топтор менен биригип Конституцяны жана башка мыйзамдарды бузуп, өлкөнүн премьер-министри кызматын ээлеп, мыйзамсыз ыкмалар менен бийликти кайра басып алууга аркет кылып жатат», — деп айтылат алардын билдирүүсүндө.

Бүгүн «Акыркы үмүт» саясий бирикмеси Бишкекте тынчтык митингин өткөрөрүн айтып, учурда Бишкектин түрдүү айматкарында алардын тарапташтары чогулуп жатканын кабарланды. Алардын бардыгы жүрүш жасап, борбордук Ала-Тоо аянтына чогулат.

«Алар “Технопаркта”, Опера жана балет театрынын жанында, жаштар болсо темир жол вокзалы жакта чогулуп жатат. Биз борбордук аянтта тынчтык митингин өткөрөбүз. Биз чындыктан баш партпайбыз», — деди Өмүрбек Бабанов.

Өз кезегинде Жанар Акаев мыйзамдуу талаага келүү үчүн премьер-министр болом деген бардык талапкерлер келип өзүнүн программасын сунушташы керектигин кошумчалады.

«Депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосун алган адам өкмөт башчы болот, биз ошого баш ийебиз. Уткан адам өкмөт башчы болот», — деди ал.

Ушул тапта экс-депутат, өлкөдөгү кырдаалдан улам абактан чыгарылган Садыр Жапаров өзүн премьер-министр болгонун жарыялаган. Ал аны Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү колдогонун белгилеп жатат. Бул ортодо ал телевидениеге дагы чыгып, элге кайрылуу жасаганга үлгүргөн. Анткен менен бир топ жаштар Садыр Жапаровду премьер-министр катары тааныбай турганын айтышып, аны бийликти басып алган деп айыпташууда.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетүү тууралуу арызын жазганы менен ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон эмес. Андыктан мыйзам боюнча учурда премьер-министр болуп дагы деле Кубатбек Боронов эсептелет.