Атамбаев: «Шүмшүк Соке Садыр Жапаровду алдап койсо деле таң калбайм»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 12-октябрь күнү жактоочулары аркылуу фейсбукка билдирүү калтырып, «Тарых кайталандыбы?» деген аталыш менен жарыялаган.

Анда, 2005-жылы «Акаевдердин үй-бүлөлүк-кландык башкаруусуна карата жалпы улуттук кыжырдануунун» шарданы менен президенттикке келип, бийликке тууган-уругун жолотпойм деген убада берген Курманбек Бакиевди эскерген.

«Бирок, тактысына бекем отурган соң, өлкөнү Акаевдерден ашып түшкөн Бакиевдердин кланы башкара баштаган. 2017-жылы президенттикке Сооронбай Жээнбеков келди. Ал дагы Бакиев сыяктуу эл алдында үй-бүлөлүк кландык башкарууга жол бербейм, тууган-уругумду саясатка аралаштырбайм, коррупция менен күрөшөм деп карганган. Жыл айланбай өлкөдө Жээнбеков-Матраимов кландарынын бийлиги орноду», – дейт Атамбаев

Анын айтымында, Райымбек Матраимов өз бийлигин жана президент Жээнбековго болгон таасирин ачык-айкын көрсөттү. Ошондой эле, 2018-жылдын жай айларында Бажы кызматындагы коррупция менен күрөшүп баштаган Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматов камакка алынган.

«2010-жылдан бери өлкөнүн негизги соода дарбазасын Жээнбеков-Матраимовдордун үй-бүлөсү көзөмөлдөп келишкен. Ал эми, Райым-миллион ачык эле саясатка кийлигише баштады. Айрым саясатчылар аны Райым-ата деп алышыптыр», – деп жазган мурдагы президент.

Өз кайрылуусунда Атамбаев, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы тууралуу да айткан. Жыйынтык жокко чыгарылбаса, бийликчил үч партия – «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» 100дөн ашуун мандатка ээ болушмак. Атамбаев бул саясий бирикмелерди Жээнбеков-Матраимов кланынын менчиги деп атады.

«Бирок эл мындай өзүм билемдикке моюн сунган жок. Жаштар укмуштуудай эрдик жана баатырдык көрсөтүп, кландардын лидерлерин качууга мажбур кылды. Ошол эле учурда көптөгөн балдар жараат алды, бир жигит каза болду, Жээнбеков-Матраимов кланынын мыйзамсыз буйруктарын аткарууга аргасыз болгон ИИМ менен УКМКнын катардагы кызматкерлери да жабыркады, — деп 6-октябрга караган түнү болгон окуяларга пикирин билдирди.

Атамбаевдин ою боюнча, 6-октябрда «оппозиция ичинде келишпестик башталган», ошол убакта, «элдин каарынан жашынып жүргөн» Жээнбеков, кландын жардамы менен өзүнүн позициясын бекемдей баштаган. Андан тышкары, 8-октябрда өлкөдөгү баардык күч түзүмдөрүн «кландын адамдары» башкарып турган.

«Сооронбай Жээнбеков эл арасында атактуу саясатчы Садыр Жапаровдун ишенимине кирип, 10-октябрда аны премьер-министр катары дайындаган. Жээнбековго Садырдын келиши ыңгайлуу, себеби ал Жээнбеков-Матраимовдордун кланына тиешеси жок», – дейт, Атамбаев, депутаттар тобу премьер-министрликке тандаган Садыр Жапаров тууралуу.

Атамбаев Садыр Жапаров ойлогонун «ишке ашырат» деп үмүт кыларын, бирок арамза Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду алдап, тузагына түшүргөн соң жок кылып коюшу мүмкүн деген пикирин билдирген. Анын айтымында, «арамза Соке позициясын бекемдеген соң, ага колдоо көрсөткөн жаш жана ишенчээк Жапаровду алдап кетери айдан ачык».

«Сооронбайдын бир дагы антына ишенбеш керек! Матраимовдор менен Жээнбековдордун кланы жалпы өлкө боюнча позицияларын күн сайын бекемдөөдө. Бүгүнкү күндө бардык күч түзүмдөрүн, прокуратураны, сотторду, конституциялык палатаны, шаар жана облустарды кландар койгон адамдар башкарат. Эми өлкөнү туңгуякка кептеген Жээнбеков-Матраимов кландарынын мүчөлөрү эмес, алардын өз билемдигине каршы күрөшкөндөр абакка отурушу ыктымал», — деп билдирди мурдагы президент Атамбаев.

Мындай колдоо менен клан парламенттик шайлоодо кайрадан көп мандат алат, бирок бул жолу башка партиялар жана талапкерлер менен деп кошумчалады.

«Андан соң жаңы Жогорку Кеңеште кландын депутаттары аларга керектүү премьер-министрди тандашат. Биз буга жол бербешибиз керек! Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровго убадалагандай эле дароо азыр отставкага кетсин. Баарыбыз ушуга жетишүүбүз керек. Болбосо кеч болуп калат», — деп сөзүн жыйынтыктады Атамбаев.

История повторяется?Пословица гласит: кто не помнит прошлого, тот заблудится в дороге будущего.Вспомним последние 15...

Posted by Алмазбек Атамбаев on Monday, October 12, 2020

Атамбаевди кармалышы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 10-октябрда кармалып, кайрадан УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди. Аны менен катар жансакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеев, партиялашы жана «Социал-Демократтар» партиясынын жаштар канатынын мүчөсү Темирлан Султанбеков дагы камакка алынды.

Бул учурда «Ала-Арча» резиденциясында парламент депутаттары 5-октябрда тарапташтары абактан чыгарып кеткен Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитип жаткан.

«Алар Бишкекте массалык башаламандыктарды уюштуруу фактысы боюнча кармалды. Биз бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган тиешелүү иш-чараларды улантып жатабыз», — деп билдиришти комитеттен.

Бул так кайсы башаламандыктарга тиешелүү экени ачыкталган жок. Ак үйдү басып алуу менен аяктаган шайлоонун жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы митингби, же 9-октябрдагы криминалга каршы митингби белгисиз.

Атамбаев жана анын жаксакчыларынан сырткары, президентти колго түшүргөн Кой-Таш операциясына жетекчилик кылып, Атамбаевди өз эрки менен багынууга көндүргөн «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер Курсан Асанов кармалган. Атамбаевдин жакын адамы Фарид Ниязов дагы колго түшүрүлүп, көп өтпөй кайра бошотулган.

Атамбаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле анын жакын адамдары Бишкекте башталган массалык башаламандыктардан кийин кармалган. 6-октябрга караган түнү Атамбаевдин тарапташтары аны тергөө абагынан бошотуп алышкан.

Беш күнгө созулган башаламандыктар учурунда Атамбаев оппозиция уюштурган митингге катышууга үлгүрдү. Ала-Тоо аянтында уланган митингде Садыр Жапаровдун тарапташтары ага кол салышкан. Кагылышууда Атамбаевдин авто унаасына белгисиз эркек киши, төрт жолу ок аткан. Өз кезегинде Жапаров Атамбаев өзүнө кол салууну күн мурунтан ойлонуштуруп койгонун айтты.