«Кыргызстанда чындык жок». Соцтармактарда Султанбековду бошотууну талап кылышууда

Темирлан Султанбеков

Соцтармактардын колдонуучулары «Массалык башаламандыктарды уюштуруу» кылмыш иши боюнча күбө катары кармалган «Социал демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбековду бошотууну талап кылып жатышат. Алардын арасында саясатчылар жана жарандык активисттер бар.

Көпчүлүк Султанбековду «чындык үчүн күрөшкөн, билимдүү кадр катары баалап», бийликтин иш-аракетине нараазы болушууда.

«Бекем бол Темирлан! Кыргызстанда чындык бар деп үмүттөнөм! Сендей акылдуу, билимдүү, чын жүрөгү менен берилген балдар өлкөгө керек!» — деп жазды экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова.

Ал эми ырчы Сыймык Бейшекеев бийликке кайрылып, Султанбековду «саясаттын курмандыгы» болуп калбасын деп, бошотууну суранды.

«Бошоткула, учуру келгенде калкка калканыч болуп берээр азаматты сындырып албайлы! Мен акыйкаттык үчүн өтүнүп кетем, түрмө деген түрмө, баарыбызда бала бар, ырайым кылалы төбөлдөр, жаңыланабыз деген жакшы үмүттү жалп эткизе өчүрүп албайлы!» — деди ал.

«Чындык үчүн өлүмгө даяр элем, бирок ал Кыргызстанда жок»

Темирлан Султанбеков 10-октябрда Кой-Таштан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаев менен биргеликте кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 48 саатка камалган.

Ошондой эле массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон иштин алкагында Алмазбек Атамбаев, дагы бир жансакчысы Дамир Мусакеев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган.

Султанбеков өзү убактылуу кармоочу жайга кирээрден мурда үй-бүлөсүнө жана жалпы кыргызстандыктарга кат жазып калтырган. Анда ал «чындыкты айтканы үчүн камоого аракеттенип жатышканын» айтып, башкаларды да чындык үчүн күрөшүүгө чакырган.

«Менин кымбаттуу досторум, өлкөдө толук башаламандык жүрүп жатат. Тилекке каршы Жээнбековдордун жана Матраимовдордун үй-бүлөлүк-кландык режими күчөп гана кетти. Мени бийликтин чечими менен алдын ала 48 саатка камашты. Алардын башкы максаты чындыкты айткандарды коркутуу үчүн менин оозумду жабуу!» — деген ал жалпы өлкө элине кайрылып.

Ошондой эле ал, үй-бүлөсүнө калтырган катында жакындарынан ар дайым адилеттүүлүк жана чындык үчүн күрөшкөнү үчүн кечирим сурап, «чындык үчүн өлүмгө даяр элем, бирок Кыргызстанда чындык жок» деп жазган.

«Биз баарын мыйзам чегинде жасаганбыз [...] Эл ар дайым өзүн асырап, өлкөнүн жаркын келечегине ишениши керектигин жеткирип койгула!» — деп жазган ал.

Мындан сырткары Султанбеков, өз кайрылуусунда Чолпон Жакыпова, Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова, Рита Карасартова жана Динара Ошурахунова сыяктуу бир катар укук коргоочулардан жардам сураган.

Бишкектеги митингдер

Садыр Жапаров премьер-министрликке талапкер катары көрсөтүлгөдндө анын тарапташтары Өкмөт үйүнүн алдында чогулуп, Жапаровдун бийлигин мыйзамдуу деп таанууну талап кылышкан.

Ошондой эле «Форум» имаратынын алдында Атамбаевдин тарапташтары жыйын өткөрүшкөн. Аларга Бабановду колдогондор келип кошулуп, эки тарап Ала-Тоо аянтына чейин жөө келишкен.

Мындан сырткары, Ала-Тоо аянтына жарандык активисттер Эркиндик бульварынын басып келишкен. Алар жүрүштү өлкөдөгү криминалдык топтор жараткан «туруксуздаштыруу менен башаламандыкка» жооп катары сыпатташкан.

Атамбаев, Бабанов жана алардын тарапташтары, жарандык коом Ала-Тоо аянтында тынчтык митинг өткөрүп жатканда аларга Жапаровдун тарапташтары келип кошулушкан. Көп өтпөй митингчилерди көздөй таш жана бөтөлкөлөр ыргытылып, ок да атылган. Атамбаев анын унаасына белгисиз киши бир нече жолу ок чыгарып, анын өмүрүнө кол салганын айтып чыкты. Мындан сырткары, кагылышууларда «Ата Мекен» партиясынын талапкери Тилек Токтогазиев башынан жаракат алган.

Жеринде иштеген журналисттердин айтымында, демонстранттарга кол салгандар Жапаровдун колдоочулары болгон.

Буга чейин 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча, добуштардын көбүн президенттин иниси талапкер болгон бийликчил «Биримдик» партиясы жана Матраимовдордун кланы менен байланыштуу делген «Мекеним Кыргызстан» алган.

Шайлоонун жыйынтыктарына жана массалык эреже бузууларга саясий партиялар да, ошондой эле көптөгөн кыргызстандыктар да нааразы болуп, 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыгышкан.

Ошол эле күнү кечинде митинчилерди кууп таркатуулар башталып, тынчтык митинги кагышууларга айланып кеткен жана анын натыйжасында Ак үй басылып алынып, айрым саясатчылар абактан бошотулган.

Анын ичинде Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Равшан Жээнбеков жана Садыр Жапаров да бар.