«Мыйзам боюнча премьердин милдетин аткаруучу Баатырбеков, ал эми спикердин ыйгарымы мага өтөт», — Аида Касымалиева

Социал-демократ Аида Касымалиева билдиргендей, мыйзам боюнча Алмазбек Баатырбеков өкмөт башчысынын милдетин аткаруучусу бойдон калууда, ал эми Садыр Жапаров ИИМдин жаңы башчысын дайындаганына карабастан, ал премьер-министрдин милдетин аткаруучу эмес. Касымалиеванын айтымында, анын премьер катары кабыл алган бардык чечимдери күчкө ээ эмес.

«Депутаттардын 2020-жылдын 10-октбярындагы мамлекеттик резиденцияда жолугушуусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны катары расмий түрдө тааныла албайт, анткени Конституция талап кылган катышкан депутаттардын санынын кворуму жана аны өткөрүүгө шарт жок болгон. Демек, кабыл алынган чечимдердин бардыгы юридикалык жактан мыйзамсыз жана легитимсиз», — деп билдирди ал.

Касымалиеванын айтымында, эгер кимдир-бирөө Жапаровду дайындоо тууралуу документке парламенттин расмий токтомуна катары кол койсо, «мындай аракеттер бийликти күч менен басып алуу квалификациясына туура келип калат».

Официальное заявление первого вице-спикера Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Касымалиевой А.К.Состоявшееся вчера 10...

Posted by Aida Kasymalieva on Sunday, October 11, 2020

Касымалиева Жапаровду премьерликке дайындоо тууралуу токтом жок деп көшөрүүдө. Мурдараак вице-спикер Мирлан Бакиров, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери, Жапаровду дайындоо тууралуу токтомго дагы деле кол коюла электигин билдирген.

«Бүгүнкү күндө токтом Жогорку Кеңештин Аппаратында, алар аны карашат, тийиштүү түрдө бекитип, андан кийин гана кол коюуга түшөт. Жыйынды мен жетектегендиктен ага колду мен коюшум керек», — деп билдирди саясатчы. Анткен менен Бакиров кворум болгон жана Жапаров «Жогорку Кеңеш жактырган» премьер деп эсептейт.

Касымалиева Бакировдун пикирине макул эмес.

«Баатырбеков Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткарууну улантып жатат. Мен бардык өкмөт мүчөлөрүнө расмий түрдө кайрылам, алар өкмөттүн жаңы курамы куралганга чейин өз милдеттерин аткарууну уланта бериши керек. Учурда Жогорку Кеңештин отурумун өткөрүүнүн ордун жана күнүн белгилөө үчүн консультациялар өткөрүлүүдө. Жогорку Кеңештин төрагасы Жумабеков отставкага кеткендиктен, төраганын ыйгарым укуктары Көпчүлүк коалициясы шайлаган Жогорку Кеңештин биринчи вице-спикерине катары мага өтөт», — деп айтып, коронавирус пандемиясынан улам жарандарды митингге чыкпоого үндөдү.

Буга чейин да Касымалиева фейсбук барагында Садыр Жапаровдун премьер-министрдин милдетин аткаруу болуп дайындалышын «мыйзамсыз процесс» деп атаган. Ал жыйынга келбегенине карабастан аны тизмеге киргизип каттап коюшканын билдирген.

«Мен Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси жазып, кворум үчүн добушумду эсепке албагыла деп чалдым. Ал баары бир деле катташканын айтты. Мыктыбек Абдылдаев менен Мирлан Бакировго чалып ала албай койдум. БИрок ал жакта кворум үчүн менин добушум жок», — деп жазган Касымалиева фейсбук барагында.

Ал жыйындын легитимдүүлүгү боюнча сотто талашарын айтты.

Жапаровдун дайындалышынын легитимдүүлүгүн депутат Дастан Бекешев менен Наталья Никитенко дагы тааныбайт.

«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери жыйындан алынган видеону талдап чыгып, депутаттар «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти Жөнүндө» мыйзамын бузушканын билдиришти.

«Конституция жана мыйзамдар одоно бузулганына байланыштуу отурум өттү деп эсептелбейт, биринчи кезекте кворум болбогону үчүн. Демек, Жогорку Кеңеш кабыл алган чечимдер мыйзамдуу деп санала албайт», — деп айтышты юристтер.