УКМК: Айбек Калиев өз эрки менен жаза өтөп жаткан абакка кайтты

«Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев

12-октябрда Бишкек Жылуулук электр борборун реконструкциялоодо коррупция боюнча соттолгон «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев өз эрки менен жаза өтөп жаткан абакка кайтып барды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Калиев 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү шайлоого нааразы болгон митингчилер тарабынан мыйзамсыз бошотулган. Ал Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.

«Калиев УКМКнын кызматкерлери тарабынан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын имаратына мындан аркы жаза мөөнөтүн өтөө үчүн киргизилди», — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Айбек Калиев — Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупцияга байланыштуу иш боюнча 14 жылга соттолгон. Ал эми Калиев өзү күнөөсүн мойнуна албай келет.

«Коррупцияны далилдеген бир дагы факт берилген жок. 10 айдын ичинде 61 сот отуруму өттү, 101 күбө суралды», — деп айткан ал акыркы сотто.

6-октябрга караган түнү, таң атаарда демонстранттар Ак үйдү андан кийин УКМКнын имаратын басып алышкан. Калиевден сырткары абактан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-депутат Садыр Жапаров, мурдагы премьер Сапар Исаков, экс-депутат Равшанбек Жээнбеков жана башка саясатчылар чыгып кеткен.

10-октябрда Атамбаев, Исаков жана «Республика» партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов менен бирге «Форум» имаратынын алдында тынчтык митингине чогулушкан. Кийинчерээк аларга «Ата Мекен» партиясынын талапкери Тилек Токтогазиев жетектеген «Уюшкан кылмыштуу топко каршы» митингинин катышуучулары кошулган. Андан ары эки тарап Ала-Тоо аянтына чейин жөө келип, тынчтык митингин өткөрүшкөн.

Ал ортодо Өкмөт үйүнүн алдында чогулган Садыр Жапаровдун тарапташтары Ала-Тоо аянтына келишкен. Көп өтпөй митингчилерди көздөй таш жана бөтөлкөлөр ыргытылып, ок да атылган. Атамбаев анын унаасына белгисиз киши бир нече жолу ок чыгарып, анын өмүрүнө кол салганын айткан.

УКМК 10-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын жансакчылары Дамир Мусакеевди жана Канат Сагынбаевди кармады. Алар Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө колго түшкөн.

Ал эми мурдагы премьер-министр Сапар Исаков абакка кайта элек. Ал Молдовановка айылындагы №27 колонияда жазасын өтөп жаткан. ЖАМКтын басма сөз кызматы маалымдагандай, Исаковго берилген өргүүнүн мөөнөтү 12-октябрда аяктайт.