Милиция «Дордой Моторс» базарында кызды сабаган кишини тапты

Бишкектин Ленин РИИБи 11-октябрда «Дордой Моторс» базарындагы Ден Сяопин көчөсүндө кызды аёосуз сабаган кишини тапканын «АКИпресс» басылмасына кабарлады.

Шектүү 1995-жылы туулган адам болуп чыкты — ал жабыркаган кыздын бир тууган агасы. Ал укук коргоо орган кызматкерлерине карындашын үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам сабаганын айтып берген. Кармалган адамдын айтымында, мурда алардын ортосунда мындай жаңжал болгон эмес.

Жабыркаган кыз арыз жазуудан баш тарткан. Анын айтымында, анын дооматы жок.

Буга чейин милиция базарда кызды сабаган адамды издөөгө жарыялаган. Кыз сабоого дуушар болуп жатканы тартылган видеону «Короче» телеграм-каналы жарыялаган болчу. Кол салуу фактысы КЖБРге «Бейбаштык» беренеси менен катталган. Бул факт боюнча тергөө уланып жатат.