Өткөн суткада коронавирус 343 кишиден аныкталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 13-октябрда коронавирустун жаңы 343 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Баткен облусу — 83;

Ош облусу — 46;

Жалал-Абад облусу — 77;

Чүй облусу — 21;

Бишкек — 81;

Ош шаары — 18;

Ысык-Көл — 17.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 49 871ге жетти. 

Ошондой эле, акыркы суткада 190 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 46, Жалал-Абад облусунан — 43, Бишкек шаарынан— 25, Ош шаарынан — 7, Баткен облусунан — 42, Чүй облусунан — 9, Ысык-Көл облусунан — 13, Нарын облусунан — 4 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 44 712 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 1776 бейтап, ал эми үй шартында 1833 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 092 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада 12 медкызматкерден коронавирус аныкталды. Ош шаарынан, Ош жана Ыссык-Көл облустарынан — бирден, Баткен облусунан — эки жана Жалал -Абад облуснан — жети медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада эки медик айыкты жана үй шартында беш медкызматкер сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 449га жетти, анын ичинен 3 096 медкызматкер илдеттен айыкты.