Баткен облусунда коронавирус жуктурган эки бейтап каза болду

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штаб 14-октябрда Баткен облусунда коронавируска чалдыккан эки бейтап каза болгонун кабарлады.

Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен каза болгондордун саны 1 094кө жетти — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 50 201 учуру катталды. Ооругандардын 44 884ү илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.