Депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Канат Керезбеков уруша кетишти

«Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов депутат Канат Керезбеков менен 14-октябрда «Ала Арча» резиденциясында өткөн жыйында кайым айтыша кетишти.

https://www.instagram.com/p/CGUT-1tIqI7/?utm_source=ig_embed&utm_campaign=embed_video_watch_again

Алгач депуттар Садыр Жапаровду премьер-министрликке жактырып, өкмөттүн курамын бекиткен. Кийинчерээк эл өкүлдөрү башка маселелерди кароого өткөн. Сулайманов жыйында шайлоо мыйзамына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.

Алардын бири 5 миллиондук шайлоо күрөөсүн 1 миллионго чейин түшүрүү жана 7 пайыздык босогону 3 пайызга түшүрүү. Ошондой эле форма №2 менен добуш берүүнү жокко чыгаруу.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрагасы, депутат Канат Керезбеков бул мыйзам долбоорун карап чыгуу үчүн жыйында 61 депутат жок экенин айтты.

Сулайманов болсо «Канат Керезбеков, токтотпойсузбу оюнуңузду! Биринчи окуудан кабыл алып койбосуңарбы?» деп нааразы болду. Сулаймановду бир нече депутат колдоп, жыйынды кечки 10:00го белгилөөнү сунушташкан.

«Чакыргыла депутаттарды, келсин, иштесин — ким каршы болуп жатат? Ушул жерде 61 киши болушу керек. Баарыбыз тең айтып жатабыз “мыйзам жолунда бололу” деп, мына мыйзам жолдунда бололу», — деди Керезбеков.

Депутат Дастан Бекешев бул маселени алгач парламенттик комитет карап чыгышы керектигин жана ал үчүн кворум чогултуунун кереги жоктугун кошумчалаган.

Кийинчерээк Сулайманов, Керезбеков башка депутаттар менен биргеликте бир бөлмөгө кирип кетишкен. Жеринде чагылдырып жаткан журналисттер эки депутат жакалаша кетишкенин кабарлашкан.

Көп өтпөй Алтынбек Сулайманов ЖМК өкүлдөрүнө маек куруп, «эч ким мушташкан жок» деп ишендирди.