Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал жокко чыгарылды

Жогорку Кеңеш «Ала-Арчадагы» кезексиз жыйынында Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал боюнча токтомду кайра жокко чыгарды.

Буга чейин 10-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков коомдук саясий абалдан улам Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизген болчу. Мыйзамга ылайык, президенттин буйругун Жогорку Кеңеш үч күндүн ичинде карап чыгышы керек.

Бирок парламент депутаттары аны белгиленген мөөнөттө карабагандыктан, Жээнбеков 12-октябрда борбор калаага кайрадан өзгөчө абал киргизип, ал 19-октябрга чейин болмок. Ага ылайык, өзгөчө абал саат 20:00дөн эртең мененки саат 7:00гө чейин уланмак. Ошол эле маалда, Бишкек шаарында кечки саат ондон таңкы саат бешке чейин коменданттык саат киргизилген.

15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кеткенин айтып, кайрылуу жасаган. 16-октябрда ал Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында чечими тууралуу билдирүү жасады.

Жээнбековдун отставкасы

Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп 5-октябрдан тарта митингге чыккандар тынчыбай койгондуктан жана өлкөдө саясий кризис курчуп кеткендиктен кызматтан кетти.

Жээнбеков бийлигин тапшырып жатып, бийликке жармашпай турганын жана «коомдун тынчтыгы үчүн» ушул кадамга барганын айтты.

Президенттин отставкасы жаңы премьердин алгачкы жана негизги талаптарынын бири болду. 10-октябрда өткөн парламенттин жыйынында Садыр Жапаров президент менен жолукканын, ал бир нече күндүн ичинде ордун бошотоорун убада кылганын кабарлаган.

Андан кийин жаңы өкмөт башчы менен президенттин ыйгарым укуктарын тапшыруу тууралуу сүйлөшүүлөр узакка созулуп кетти

6-октябрга караган түнү Жогорку Кеңештин имараты басып алынгандан кийин эле митингчилер Жээнбековдун отставкасын талап кылып башташкан. Бирок ошондо саясий маанай ар кандай болгон — бир катар саясатчылар менен активисттер президентке импичмент жарыялоого чакырышкан, башкалары андан өз эрки менен кетүүсүн талап кылышкан. Үчүнчүлөрү өлкө саясий кризистен кийин мыйзам нугуна түшүшү үчүн ал мөөнөтүнүн аягына чейин кызматында калышы керек деп айтып чыгышкан.