«Ата Мекен» партиясынан депутат Өмүрбек Текебаев 16-октябрда парламенттин жыйынында премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кайрылып, «элдин үмүтү сизде» деп айтты. Текебаевдин билдиришинче, Жапаровго «суктанбайт», «анткени эл чоң максаттарды коюп, аларды тез жана толук аткарылышын күтүп жатат».
Текебаев ошондой эле Жапаровду жандап жүргөн досу Камчыбек Ташиевдин орду тууралуу пикирин айтты. Ал мурда мамлекеттик катчылар болоорун эскертип, Ташиевди «дос-секретарь» деп атап, анын жоопкерчилиги өкмөт башчыныкынан жогору тураарын айтты. Ошондой эле ал «мурдагы президенттердин мисалы» Жапаровго «сабак болушу керек» деди.
«Ушул кезге чейин Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдордун трагедиясынын негизги себеби эбегейсиз бийликти өз колуна жыйнап, анын үзүрүн эл эмес, жакын достору, туугандары көргөндүгүндө. Аларды аңга ошол жакындары, достору түрткөн. Ошондуктан Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин жоопкерчилик, Жапаровдукунан тарых алдында кем эмес. Балким андан да жогору», — деди ал.
Ошондой эле ал Жапаров менен анын жакындарына шайлоого катышуусуна Конституция жол бербешин, ал эми шайлоо мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте өтүшү керектигин эскертти.
«Бул адилеттүү чектөө. Эгер премьер-министрдин жан досу, жакын партиялашы шайлоого катышса, шайлоонун адилетүү болгондугуна эл ишенеби? Ошондуктан Садыр Нургожоевич, сиздин жакын чөйрөңүз, президенттик шайлоого катышпаса Кыргызстанга алдыга койгон максаттарга жеткенге жакшы шарт түзүлөт эле», — деди Текебаев.
Жапаров менен Ташиевдин «достугу»
Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун көп жылдан берки үзөңгүлөш досу. Эки саясатчынын өмүр жолун тыгыз мамиле, бир өңчөй идея, бирдей саясий кызыкчылык, сот териштирүүлөрү жана бир партия бириктирет.
Ташиев жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Жапаров менен 2010-жылы биргеликте түптөгөн «Мекенчил» партиясын жетектеди. Ал учурда Жапаров абакта болгондугуна карабай, анын сүрөттөрү партиянын ар бир үгүттөөчү баннерине илинген.
Партия шайлочулардын 7,37 % добуш алган. Шайлоонун эртеси, 5-октябрда, анын жыйынтыгын тааныбаган активисттер, партиялар, жана жөнөкөй жарандар митинг өткөрүп, ал кечирээк баш аламандыкка айланган.
Митингчилер 6-октябрга караган түнү Ак үйдүн имаратын басып алышып, ошол түнү абактан бир катар саясатчылар чыгарылган. Алардын арасында Садыр Жапаров да бар.
Мыйзамсыз чыгарылгандардын көпчүлүгү Башкы прокуратура буюргандан соң жаза өтөө колонияларына кайтышкан. Ошол эле учурда Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалып, анын жактоочусу Жапаровдун акталганын билдирген. Бирок Жогорку Сот ал акталбаганын айтып, иш кайра каралаарын маалымдаган.
Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп 5-октябрдан тарта митингге чыккандар тынчыбай койгондуктан жана өлкөдө саясий кризис курчуп кеткендиктен кызматтан кетти. Жээнбековдун оставкасын негизинен өкмөт башчы жана анын тарапташтары талап кылышты.
Жээнбеков бийлигин тапшырып жатып, «бийликке тырмышпай турганын» жана «өлкөнүн тынчтыгы үчүн» ушул кадамга барганын айтты.