«Ата Мекен» партиясынын лидери Текебаев кайрадан депутат болду

Боршайком 15-октябрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге мандатты кайтарып берди — эми ал кайрадан парламенттин депутаты болду. Мындай чечимге комиссиянын мүчөсү Адилет Сатыгулов каршы добуш берди.

Мурдараак комиссия ага алтынчы чакырылышта бош орун жок болгондуктан мандатын кайтарып берүүдөн баш тарткан. Көп өтпөй эле анын партиялашы Садык Шер-Нияз Текебаевдин парламентке келиши үчүн мандатынан баш тартууга даяр экенин билдирген. Ал БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын атына арыз жазып, мандатын партиянын лидерине берүүнү өтүнгөн.

Жогорку сот буга чейинки инстанциянын өкүмүн жокко чыгаргандан кийин Текебаевде Жогорку Кеңешке кайтуу укугу жаралган. Учурда анын иши кайра кароого жөнөтүлгөн. Саясатчыга карата айыптоочу өкүм чыкканга чейин ал депутат болуп иштей алат.

2017-жылы кылмыш иштен улам Өмүрбек Текебаев депутаттык мандаттан ажыратылып, анын ордуна Жогорку Кеңешке Искандер Гайпкулов депутат болуп келген.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Азаттыкка» курган маегинде, президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоо кайра өткөндөн кийин отставкага кетиши керектигин билдирген.

«Анткени, шайлоо убагында бардык тараптан таанылган легитимдүү орган керек болот. Бирок, тилекке каршы, бүгүн президент арызын жазып кетти. Бул төмөнкүлөрдү жаратат: кыска убакыт ичинде кайрадан президенттик шайлоо болушу керек, өлкөдө акча тартыш болгондуктан, парламенттик жана президенттик шайлоонун мөөнөтүн дал келтириш керек. Шайлоолор жаңы жылга чейин өтүшү зарыл. Бул абдан маанилүү, ошол эле кезде кооптуу иш-чара болот. Бүгүнкү убактылуу бийлик шайлоонун таза өтүшүнө жана коомдук тартиптин, мыйзамдардын сакталышына кепилдик берип, аткарышы керек», — деп айткан Текебаев.

Ал кошумчалагандай, өкмөт кырдаалды тез арада турукташтырышы керек, анткени митингдер жана анда айтылган ар кандай талаптар шайлоого терс таасир этиши мүмкүн. Анын айтымында, басым-кысым фактору чечүүчү болуп турган убакта эркин шайлоо тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес.

Текебаев өзү акыркы парламенттик шайлоого катышкан эмес — ал партиянын жаш мүчөлөрүнө басым жасаган. Шайлоодо «Ата Мекендин» талапкери Жанар Акаев партиянын тизмесинин сап башында болгон.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына караганда, «Ата Мекен» партиясы 4%дан көп добуш алып, парламентке өтпөй калган.

Текебаевдин иши

Оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын лидери 2016-жылдан бери эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен тиреште болуп келген. Алгач партия Атамбаевдин конституциялык реформасын колдобой койгон.

Андан соң Текебаев президентти Кой-Ташта мыйзамсыз жер алган жана көмүскө киреше алып турган деп айыптап чыккан. Ал эми партиянын юристтери Дача-Су кыштагына кулап кыйраган «Боинг-747» учагына Атамбаевдин тиешеси бар болгонун билдиришкен.

Оппозиция кийинки кадамы менен 2017-жылдын жаз айларында Атамбаевге импичмент жарыяламак болчу. Бирок, 2017-жылдын февралында Текебаев, анын ичинде партиялашы Дүйшөнкул Чотонов камакка алынган.

Саясатчылар 2010-жылы «Мегаком» уюлдук операторун башкарууга мүмкүнчүлү түзү берүү үчүн орус ишкери Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деп айыпталышкан.

Текебаев менен Чотонов 2017-жылы коррупция жана опуза боюнча күнөлүү деп табылган. Ал эми Текебаевге байланыштуу «Сентябрь» телеканалы «экстремисттик материалдарды» көрсөткөн делип жабылган. БШК өкүм чыккандан кийин Текебаевдин мандатын мөөнөтүнөн мурда чакыртып алган.

2019-жылдын жай айларында Жогорку сот Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарып, кайра кароого жөнөткөн. Ал кезде БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, Текебаев акталган күндө деле мандаты кайра берилбейт деп айткан. Ал мындай билдирүүсүн Кыргызстанда бул кадамга жол берүүчү мыйзам базасы жоктугу менен түшүндүргөн.

Бекматовдун айтымында, Текебаев алтынчы чакырылыштын мандатын кайтара алмак эмес, бирок 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышуу укугу бар болчу. «Ата Мекендин» лидери «жаштар үчүн жол бошотуп берүү» үчүн шайлоого катышуудан баш тарткан. Бирок, ал башаламандык жана саясий кризис башталгандан кийин парламентке кайтууну чечкен.