Текебаев президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштады

«Ата Мекен» партиясынан депутат Өмүрбек Текебаев 16-октябрда парламенттин жыйынында парламенттик жана президенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштады. Ал муну менен акча каражатын үнөмдөп, саясий стабилдүүлүк орношуна эртерээк жетишсе болот дейт.

Ошондой эле депутат шайлоо босогосун үч пайызга түшүрүп жана күрөөнү азайтып, «карапайым, жаш жана жаңы күчтөрдүн» парламентке келишине жол ачып бериш керек дейт.

«Өлкөдөгү саясий кризистин негизги себептеринин бири адилетсиз шайлоолор. Жаңы шайлоо өткөрөөрдүн алдында шайлоо системасындагы кемчилдиктерди оңдошубуз керек. Кезексиз президенттик шайлоону үч айдын ичинде, парламенттик шайлоону 60 күндүн ичинде өткөрүү зарыл. Эки шайлоону бириктирип бир күндө өткөрүүгө мыйзам жол берет», — деди Текебаев.

Депутат учурдагы убактылуу бийликтин милдети «таза, адилет шайлоо өткөрүү» деп кошумчалады.

Буга чейин шайлоонун жыйынтыгын тааныбагандардын мөөнөтсүз митингинен улам 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Ошондой эле президент митингдер уланып, «өлкөдөгү саясий кырдаал тынчыбай койгондуктан» кызматын тапшырган — президенттин отставкасын негизинен өкмөт башчы жана анын тарапташтары талап кылышты.

Мыйзамга ылайык, Боршайком парламенттик шайлоонун мөөнөтүн 6-ноябрга чейин жарыялашы керек. Учурда парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү варианттары айтылууда. Ал эми президенттик шайлоо мыйзам боюнча 90 күндүн ичинде өтүшү керек.