Жапаров бажы кызматынын жетекчисин кайрадан алмаштырды

Кадыржан Семетеев

Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучусу Садыр Жапаров 19-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кылып Кадыржан Семетеевди дайындады. Мекеменин буга чейинки башчысы Элнура Мамбетжунушева төраганын орун басары болду.

Семетеев бажы кызматында бажыдан кийинки көзөмөл бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Мамбетжунушеваны бажынын башчылыгына Жапаров төрт күн мурда бекиткен болчу. Анда мындай чечим «Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жактарды бажы органдарындагы иштен бошотуу жана алар орноткон коррупциялык схемаларды жоюу» максатында кабыл алыганы кабарланган.

24.kg басылмасы бажы кызматынын жамааты Мамбетжунушеванын талапкерлигин кабыл албай койгонун жазды. Мунун себебин анын кылмыш ишинде фигурант катары болгону менен байланыштырышты.

Ал 2018-жылы «Түндүк» бажынын башчысынын орун басары болуп тургунда «бажы алымдарын төлөө боюнча документтерди жасалмалоо» иши боюнча кармалган.