Финпол: Депутат Кубанычбек Жумалиевге өлкөдөн чыгып кетүүгө тыюу салынды

Парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевге Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу 20-октябрда финполиция билдирүү таратты. Жумалиевдин Башкы прокуратура каттоого алган мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери аягына чыга элек.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (ЭККК) маалыматына караганда, тергөөнүн алкагында Жумалиевге тиешелүү, ал негиздөөчү, жетекчи же уставдык капиталда үлүшү бар делген кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр аныкталган. Муну менен катар, Жумалиевдин жакындарынын көптөгөн мүлкү белгилүү болгон.

17-октябрда «Чон Казат» партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финполиция) башчысы болуп дайындалган. Бул тууралуу жарлыкка премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Кубанычбек Жумалиевге каршы казат

Үстүбүздөгү жылдын май айында «Чоң Казат» кыймылынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев өзүн прокуратуранын мурдагы кызматкеримин деп тааныштырып, парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев коррупциялык иштерге аралашкан жана анын мүлкүн тартып алыш керек деп билдирген. Анын айтуусу боюнча, Жумалиев 2,5 млрд долларга ээлик кылат, ошондой эле анын менчигинде фабрикалар, клиникалар, жүздөн ашуун батир жана хан сарайлар бар.

Мындан тышкары Жапыкеев Жумалиев мүлкүн күмөндүү жол менен тапкан деп айтып, аны текшерүүнү талап кылган.

«Келгиле, баарыбыз чогулуп, алардын үйүнө баралы. Мисалы, 10 миң адам Жумалиевдин үйүнө барып, андан биздин Кытайга карата тышкы карызыбызды төлөп берүүсүн талап кылсын. Жаныбызга нотариусту алып алабыз, ал депутаттын распискасын күбөлөндүрүп берет», — деп жазган Жапыкеев.

Ал эми Жумалиев Куран кармап, коррупциялык иштерге аралашпаганын билдирген. Ал учурунда премьер-министр, транспорт жана жолдор министри кызматтарын аркалап келген.

Ал учурда «Чоң Казат» кыймылынын мүчөлөрү соцтармактарындагы барактарында парламентарийдин болжолдуу мүлкү жөнүндө маалыматты жарыялашкан. Мындан тышкары, «Экономист» басылмасы да Жумалиев жана анын жубайына таандык болгон 50 фирма тууралуу маалымат чыгарган. Андан кийин эле финпол парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн текшерүү боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Финполдун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Башкы прокуратура ишти Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» жана «Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу» беренелери менен КЖБРге каттоого алган.

Ведомство парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн аныктап, депутаттын уставдык капиталда үлүшү бар экени жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналаарын маалымдган. Финполдун билдирүүсүнө ылайык, депутаттын жакын туугандарынын «көп сандаган мүлкү» аныкталган. Бирок ал тууралуу так маалымат берилген эмес.

Ага карабай, сот Жумалиевдин үйүндөгү тинтүү иштерин мыйзамсыз деп таап, ЭКККМКнын кызматкерлерине карата жеке аныктама чыгарып берген. Кийин тинтигүүгө уруксаат берген ЭКККМКнын тергөөчүсү Наргиза Артышова иштен четтетилген.

Кубанычбек Жумалиев «Чоң Казат» кыймылынын лидерлеринин бири Канат Хасановду кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып, ИИМге арыз менен кайрылган. Депутаттын адвокаты арыз «Канат Хасанов депутат Кубанычбек Жумабековду оор кылмыш кылды деп ачык айыптаганына байланыштуу» берилгенин жазган.

2020-жылы августта сот парламентарийдин Жапыкеевге карата койгон доосун жарым-жартылай канааттандырган. 6-августта Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жапыкеевдин депутаттын дарегине айткан сөздөрү чындыкка дал келбей тургандыгын тааныган. Сот ошондой эле активистти 10 миң сом төлөп берүү чечимин чыгарган, ал эми депутат Жумалиев 10 млн сом өлчөмүндө доо койгон эле. Мындан тышкары, судья Жапыкеевди фейсбук барагында өз сөздөрүн төгүндөөгө милдеттендирген.