Финпол депутат Жумалиевдин жана анын туугандарынын мүлкүн аныктады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы ведомство парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн аныктаганын, депутаттын уставдык капиталда үлүшү бар экенин жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналаарын маалымдады.

Финполдун билдирүүсүндө депутаттын жакын туугандарынын «көп сандаган мүлкү» аныкталганы айтылат.

Ведомство аталган маселе боюнча сотко чейинки өндүрүш уланып жатканын билдирди. Ал буга чейин Башкы прокуратура тарабынан «Мыйзамсыз баюу» жана «Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу» беренелери боюнча КЖБРге катталган эле.

Ар убакта транспорт жана жолдор министри жана премьер-министрлик кызматтарды аркалаган «Бир Бол» фракциясынын парламенттеги депутаты Кубанычбек Жумалиев 5-майда Куран кармап эч качан коррупцияга аралашпаганын айткан.

Ошол эле күнү «Чоң Казат» кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев депутат мүлкүн мыйзамсыз жол менен тапкан деп билдирип, анын байлыгын текшерүүнү талап кылган.

Ант берген депутат Жумалиев өткөн жылдын декабрь айында Economist.kg басылмасы менен «Декларатор» долбоору чыгарган иликтөөнүн фигуранты болгон. Журналисттер аныкташкандай, Жумалиев өз декларацияларында ага жана анын жубайы Роза Амановага толук же жарым-жартылай таандык болгон 33 фирманы көрсөтпөй, аларды Салык кызматынан жашырып койгон.

Кийинчерээк алар кошумча иликтөө жүргүзүп, Жумалиев менен Аманова экөөндө 47 фирма бар экенин аныкташкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Жумалиев Куран кармап коррупцияга аралашпаганын айтты. Эл өкүлүндө 33 фирма бар

Финпол депутат Жумалиевдин мүлкүн текшере баштады