«Чоң Казаттын» лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев финполициянын жетекчиси болду

Сыймык Жапыкеев

«Чоң Казат» партиясынан депутаттыкка аттанган Сыймык Жапыкеев 17-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров аталган буйрукка кол койду.

Бул тууралуу маалыматты «Азаттык» басылмасына өкмөттүн басма сөз катчысы Анастасия Пискур тастыктады. Аталган кызматты Жапыкеевден мурда Бакир Таиров жетектеген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митингинен бир күндөн кийин Жапыкеевдин Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалганы тууралуу партиялаштары кабарлаган болчу. Алтургай ал өзүн башкы прокурор катары Матраимовдорго, Жээнбековторго жана Абылгазиевге кылымыш иши козгоолору тууралуу айтканга да үлгүргөн.

Сыймык Жапыкеев учурда 43 жашта. Кесиби боюнча юрист. Буга чейин 2015-жылдан 2018-жылга чейин «Кумтор Колд Компани» жабык акционердик коомунун юристи болуп эмгектенген.

Ал Кумтөр кениндеги мыйзамсыз иштерди айтып чыккандан кийин эл оозуна алына баштаган. Ошондой эле, соцтармактарда депутат Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү анын кирешесине туура келбесин айтып, Кыргызстанда «30 белгилүү ууру» бар деп билдирген. Ал эл өкүлү мүлкүн күмөндүү жолдор менен тапканын айтып, аны текшерүүнү талап кылган.

Анын билдирүүсүнөн кийин финпол депутаттын мал-мүлкүн текшерген. Бирок Жумалиев Куран кармап, коррупциялык иштерге аралашпаганын билдирген.

Жапыкеев «Чоң Казат» партиясынын активдүү мүчөсү. Ал эми аталган партиянынын Кыргызстанда таасирлүү деп эсептелген Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланышы бар деген божомолдор айтылган. Бирок «Чоң Казаттын» мүчөлөрү бул маалыматты четке кагып келишет. Матраимовдордун үй-бүлөсү «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттеринин иликтөөсүнүн фигуранты болгон.