Кыргызстанда COVID-19дан эки киши каза болду

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штаб 20-октябрда коронавируска чалдыккан эки бейтап каза болгонун кабарлады. Алар Баткен облусунун жана Бишкек шаарынын тургундары.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 1 113кө жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 52 910 учуру катталды. Ооругандардын 46 139у илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.