Суракматов парламенттик шайлоого баруу үчүн отставкага кетти. Мэрлик кызмат Түлеевге калат

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 20-октябрда өткөн баса сөз жыйынында парламенттик шайлоого баруу үчүн отставкага кетип жатканын билдирди. Калаа башчысынын милдетин, аз убакыт мурда биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев аткармакчы.

«Мен жакында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууну чечтим. Бирок, кайсыл партия менен барарым азырынча белгисиз», — деди Суракматов.

Анын айтымында, Түлеевди калаа мэриясына кайтаруу тууралуу чечимди 19-октябрда кабыл алган.

«Түлеевди мэрияга кайтып кел деп көпкө ынандырдым. Мен бул кишиге ишенем. Анын жаңы идеялары көп. Көп жыл бирге иштегенбиз, ал мэр болуп турганда андан көптү үйрөнгөм», — деп кабарлады Суракматов.

Түлеевдин айтымында, ал «ачык-айкын» иштөөгө ниеттенип турат.

«Шаар тургундары үчүн иштеп, шаарды жакшыртып, анын көйгөйлөрүн чечебиз. Суракматовго бул кызматка кайтып келүү сунушун айтып, көндүргөнү жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем», — деди ал.

Азиз Суракматов буга чейин да отставкага кеткен болчу — ал 6-октябрда арыз жазып, кызматынан кеткен. Мындай чечимди Суракматов парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда башталган массалык митингдердин шартында кабыл алган.

Анда миңдеген жарандар шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу талабы менен Бишкектин борбордук көчөлөрүнө чыгышкан. Алар шайлоодо айрым партиялар массалык түрдө мыйзам бузганын билдиришкен. Бирок, 8-октябрда Суракматов кайра кызматына келип, аралыктан иштеп жатканын кабарлаган болчу.

Коррупция боюнча Түлеевге тагылган айыптар

Нариман Түлеев — экс-депутат жана Бишкектин мурдагы мэри. 2012-жылы Түлеев Кытайдан борбор калаа үчүн кар тазалоочу жана жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп коррупция боюнча айыпталган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Түлеев мамлекетке 33 млн сом өлчөмүндө зыян келтирген.

2013-жылы Ленин райондук соту экс-мэрди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок Түлеев 2016-жылы мунапыс аркылуу эркиндикке чыккан. Ошону менен катар, келтирген чыгымдары үчүн мамлекеттик казынага 60 млн сом өлчөмүндө айып төккөн.

Ал кезде бийлик Түлеевге жана анын бир туугандарына таандык болгон Караван соода борборун, «Сапатком» бизнес-борборун жана кымбат баалуу унааларды конфискациялаган.

Парктагы жерлердин таркатылышы

Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары Бишкек мэри болуп турган учурунда Ататүрк паркынан 21 жер тилкесин жеке колдорго таркатып берген. Ал тарткаткан жерлер, президенттин иш башкармалыгына чет элдик делегациялар үчүн мейманканалык комплекстин курулуш ишине деп бөлүп берилген. Түлеев ошондой эле парктын чет жакасындагы эки жер тилкесин жеке менчикке берген.

Түлеев турак үй менен бизнес-борборду куруу божомолдонгон 600 чарчы метрлик аянты бар бир жер участогун өзүнүн атасына бөлүп берген. Экинчи участокту Талантбек Усупбеков алган. Ал 2017-жылдын аягында «Дос-Кредобанктын» акционери болгон. Ошол убакта директорлор кеңешинин төрагасы Түлеевдин уулу болгон — ал кийинчерээк банктын башкы акционери болгон.

2012-жылдын июнунда, ошол убакта парламенттин депутаты болуп турган Нариман Түлеев коррупция боюнча кармалып, ага карата өзүнчө иштин алкагында камакка алуу өкүмү чыгарылган. Ал 2016-жылы бошотулгандан кийин, бийлик Түлеев атасына берген жерди алып койгон. Азыр ал участок мэрияга таандык жана бош бойдон калууда.

ТЕМА БОЮНЧА: Бишкек бийлиги Ататүрк паркынын 30%дан көбүн кантип жок кылган?