УКМК экотехинспекциянын экс-директорункармап ТИЗОго киргизди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 20-октябрда Мамэкотехинспекциянын мурдагы директору Жолдошбек Жунушевди кармады. Ал УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу ведоствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтан Жунушев коррупциялык схеманы уюштурууга жана акча каражаттарын мыйзамсыз алууга шектелип жатканын кабарлашты.

«Жунушев коррупциялык схеманы жетектегени жана мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарын бөлүштүрүүдө системалык түрдө белгилүү бир бөлүгүн алып турганы аныкталган», — деп билдиришти УКМКдан.

Жолдошбек Жунушев 2020-жылдын январь айында эле Мамэтотехинспекциянын директорлугунан бошотулган. Анда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында мекемеди коррупция үчүн Жунушевдин ишин сынга алган.

Мамэкотехинспекциядагы коррупция

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 2019-жылы Мамэкотехинспекциянын алты кызматкерин камакка алып, ТИЗОго киргизген. Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, аткаминерлер ишкерлерди утут-утур опузалап, акча алып турушкан.

Мекемеде 2018-жылы да коррупцияга байланыштуу чуу чыгып, анда жетекчинин иш бөлмөсүнүн алдында кызматтын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупцияга каршы жалгыз туруп пикет уюштурган. Натыйжада басма сөз катчысы мекемеге ири суммада акча карыз делип кызмат ордунан бошотулган.

Ал эми Мамбеталиева коркутуулар болуп жатканын билдирген. Мындан тышкары, ал президентке видео кайрылуу жаздырып, Мамэкотехинспекциядагы болжолдуу коррупционерлердин ысымдарын атаган. Көп өтпөй ал кызматына кайтып келген, ал эми коррупция тууралуу видеодо аты аталган статс-катчы Таалайбек Асылбеков кызматынан кеткен.