АКШ элчилиги Кыргызстандын Көлбаевди колго түшүргөндүгүн кубаттады

АКШнын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаевдин Бишкекте кармалганына байланыштуу билдирүү жасады. Ал бүгүн борбор калаадагы Avangard спорт клубунда кармалып, кылмыштуу топту түзүүгө жана ага катышууга айыпталууда. Көлбаевди он жылдан ашык убакыттан бери «мыйзамдагы ууру» деп атап келишет. Ал Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө да «Коля кыргыз» деген каймана ат менен таанымал.

«АКШ Кыргыз бийликтери бул коркунучтуу криминалдык лидерди коомдук тартип кызыкчылыгында жоопко тартып камакта кармайт деп үмүттөнөт.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Камчыбек Көлбаевдин кылмыштуу тармагынын каржы механизмдеринин бузулушуна алып келген маалымат үчүн 1 миллион долларга чейин сыйлык сунуштаган.

Көлбаевдин кылмыштуу түзүмү Борбор Азияда жайгашкан жана баңги заттарын, курал, адам сатуу, опузалоо жана башка кылмыштар менен алектенет.

Көлбаевдин кылмыштуу тармагы бир нече евразиялык кылмыштуу топтордун лидерлеринен жана мүчөлөрүнөн турган Brothers’ Circle трансулуттук кылмыштуу уюмунун бөлүгү» , — деп билдиришти элчиликтен.

АКШ мамлекеттик департаменти чындыгында эле Камчыбек Көлбаевдин «кылмыштуу тармагынын каржы механизмдеринин бузулушуна алып келген» маалымат үчүн 2014-жылдын май айында 1 миллион долларга чейинки сыйакы жарыялаган.

АКШнын маалыматына ылайык, Көлбаевдин адамдары «Бир туугандар чөйрөсүнө» жүргөнүнө он жылга жакын болгон. АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча башкарамалыгынын жарлыгына ылайык Көлбаев аталган уюмдун атынан аракеттенип же кызыкчылын коргоп жүргөн адам катары таанылган. Үстүбүздөгү жылы АКШнын атайын кызматтары Камчы Көлбаевди дүйнөн эң ири наркобаррондорунун тизмесине кошкон.

2017-жылы АКШнын Каржы министрлиги мурдагы СССР өлкөлөрүнүн кылмыш дүйнөсүнө аты таанылган 10 адамды «кара тизмеге» киргизген. Алардын арасында кыргызстандык Камчы Көлбаев дагы бар. Эгерде бул тизмедеги адамдардын АКШда катталган мүлкү табылса, дароо конфискацияланмак.