«Кыргызча ырдоого болбойт». «Империя пиццы» кафесинин жетекчилиги кечирим сурады

Социалдык тармактарда Бишкектеги кафелеринин биринде тамактануучу жайдын администратору кардарына «кыргызча ырдоого болбойт» деп айткан тасма тарап жатат. Окуя «Империя пиццы» кафе-ресторанында болгону аныкталды.

Социалдык тармактарда Бишкектеги «Империя пиццы» караокесинде тартылган видео коомчулукка тарады. Ал жерде көрсөтүлгөн кадрларга карасак, кардар кыргыз тилинде ырдоону каалап жатканын айткан. Бирок кардарга ишкананын администратору бул жерде кыргыз тилинде ырдоого болборун, ишкананын шарты ушундай экендигин билдиргенин байкай алабыз.•@dailyinfo.kg

Posted by Daily24.Kg on Thursday, October 22, 2020

Тасманын автору ага кыргызча ырдоого тыюу салып жатышканын айткан. Ал эми тамактануучу жайдын администратору болсо алардын караокесинде кыргызча ырлар жок деп билдирген. Бирок кардар «мен программада Гүлнур Сатылганованын [ырларын] таптым» деп айтканына карабастан, кыргызча ырдоого болбойт деген жооп алган.

Мунун себебин администрация «компаниянын шарттары ушундай деп» негиздеген. Бул жооптон кийин тасманын автору компанияны сотко берерин айткан.

«Эмне үчүн Кыргызстанда кыргызча ырдоого болбойт?», — деп аягында суроо салган ал.

Кийинчерээк тасманын каарманы Ынтыш Абдылдаев экени белгилүү болду. Ал фейсбукка «Империя Пиццы» компаниясынын өнүктүрүү директору Мээрим Аманованын кайрылуусун жүктөдү. Аманова алардын тамактануучу жайында кыргызча ырларды аткарууга тыюу салынбаганын билдирди.

Дороги друзья, ко мне вышла на связь один из руководителей Империи Пиццы. Они попросили прощения и я официально объявляю что конфликт исчерпан. Я прошу всех вас поддержать данный пост, дабы не было межнационального конфликта из за не компетентности некоторых сотрудников. Там работаю наши же кыргызстанцы. Эжешки, апашки, инилер и братья. Поэтому я принимаю извинения руководства и вопрос официально решён.

Posted by Yntysh Abdyldaev on Thursday, October 22, 2020

«[Тасмадагы] администратордун пикири компаниянын позициясына туура келбейт. Коногубуз менен туура эмес кырдаал жаралып кетти, ошондуктан кечирим сурайбыз. “Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” дейт, ошондуктан ар бир катабызды кийин кайталабашына аракет кылабыз. Биздин компания ар бир тилге, ар бир улутка терең урматтоо менен мамиле кылат», — деди Аманова.

Ал эми кыргызча ырды суранган Абдылдаев чыр жокко чыгарылганын кабарлады.

«Империя Пиццы» компаниясынын Кыргызстандагы франшизасы 2007-жылы ачылган. Компаниянын башкы офиси Орусиянын Москва шаарында жайгашкан.