УКМК Жогорку сотто коррупциялык схеманы аныктады

УКМКнын басма сөз кызматы Антикоррупциялык кызмат Жогорку соттун кызмат адамдары менен «ЦБИ» IT-компаниясынын кызматкерлеринин ортосунда коррупциялык схеманы аныктаганын билдирди.

УКМК бул фактылардын негизинде «Коррупция» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш баштады.

УКМКнын маалыматы боюнча, Евробиримдик 2016-жылы «Жергиликтүү сот» аттуу автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууга жана киргизүүгө грант бөлүп берген. Ал системаны «ЦБИ» компаниясы түзмөк.

Бирок, тергөөнүн версиясына ылайык, компаниянын башчысы Жогорку соттун жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүп алып акчалардын бир бөлүгүн өздөрүнө ыйгарып алып, иштебеген жана эскирген программаны берип коюшкан. Ошол эле учурда программа дагы деле баланска алына элек жана 2020-жылдын ноябрында техникалык колдоосуз калат.

«Ушундан улам, бул фактты жашыруу максатында, Жогорку соттун жетекчилиги башка IT компания менен жаңы программаны иштеп чыгарууга жалган келишим түзүү тууралуу чечим кабыл алган. Бирок [келишим] жараксыз программаны кийин алмаштырып коюу менен бирге бюджеттик 8 млн сом каражатына түзүлгөн», — деп түшүндүрүштү УКМКдан.

УКМКнын атайын комиссиясы «ЦБИ» компаниясы «Жергиликтүү сот» чөйрөсүнө кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондуктан, Каттоо кызматынын кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген маалымат базасынын «ЖААК», «Паспорт» жана «Дарек-маалымат бюросу» системаларынан маалыматтардын сыртка чыгып кеткенин аныктаган.

УКМКнын кызматкерлери 21-октябрда Жогорку сотто, «ЦБИ» компаниясынын кеңселеринде жана кызматкерлердин жашаган жеринде тинтүү кылып, буюм далилдерди алышкан.

«Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча ошол эле күнү кылмыш кылууга шектелип “ЦБИнин” жана Жогорку сотко караштуу “Адилет сот” Маалыматтык технологиялар мекемесинин жетекчилери кармалды. Алар УКМКнын ТИЗОсунун УКИсине киргизилди», — деп кабарлашты Мамкомитеттен.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бул ишке тиешеси барларды издөөнү улантып жатат.