Ош аэропортунун жетекчиси алмашты — ал аэропортту 8 жыл мурда да жетектеген

Токуров

Ош эл аралык аэропортуна 56 жаштагы Арипжан Токуров жетекчи болду. Ал эми мурдагы жетекчи Талант Ысаков анын орун басары болуп дайындалды.

Эл аралык «Манас» аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдиргендей, Токуров Ош аэропортунда 2002-жылдан 2007-жылга чейин нөөмөт башчы болуп эмгектенген.

Ал эми 2011-жылы жетекчинин орун басары болуп иштеп, 2012-жылы аэропортту жетектеген. Анын авиация тармагында 25 жылдык тажрыйбасы бар.

«Жаштар келсин»

Буга чейин 21-октябрда «Манас» аэропортунун да жетекчиси алмашкан — кызматка парламенттин 50 жаштагы депутаты, «Мекеним Кыргызстандан» талапкер болгон Бактыбек Сыдыков келген. Ал эми мурдагы жетекчи «өз каалоосу менен» кеткени айтылган.

Мындан улам «Манас» аэропортунун алдына 30дай киши чогулуп, жаңы дайындалган жетекчиге каршы чыгып «жаштар келүүсүн» талап кылышкан.

Чогулгандар өздөрүн аэропорттун кызматкерлерибиз деп тааныштырышкан. Анда аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова чогулгандардын баары эле кызматкер эместигин, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп таратылганын айткан.

Ошондой эле ал, аэропорт жамааты жаңы жетекчиге ишеним билдиришкенин кошумчалаган.